www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно Түндүк Кореядагы олуттуу тамак  - аш кыйынчылыгынын ашылышы үчүн бул өлкөгө гуманитардык жардамдын берилишине каршы чыкты.

Киодо агенттигинин кабарына караганда Коно парламенттин тышкы карым  - катнаштар жана коргоо комиссиясында сүйлөгөн сөзүндө : «Фонддордун элдин бейкуттугу үчүн колдонуунун ордуна атомдук куралдардын жана ракеталардын өнүктүрүлүшүнө  жумшаган бир өлкөгө тыштан жардам берүү убактысыз»,- деп баа берди.

Коно Түндүк Кореянын курал чыгарууга алдыңкылык берүүнү коюп элдин бейкуттугун түзүшү керектиги чындыгын кабыл алууга мажбур экендигин сөздөрүнө кошту.

Борбору Италиянын борбор шаары Римдеги БУУнун Дүйнөлүк тамак  - аш программасы Түндүк Кореядан тамак  - аш булактарынын жана дыйканчылыктагы түшүмдүн азайышы менен өлкөдө 10 миллиондон ашуун кишинин» олуттуу тамак  - аш кыйынчылыгы» ичинде экендигин жарыялаган.

Пхеньян башкаруусу өткөн жумада кыска аралыктуу ракеталык сыноолорду өткөрүп, сыноолордун «күнүмдүк жана коргонуу максатында бир машыгуу экендигин» жактаган.

Түштүк Кореянын башкы төрагалыгы Түндүк Кореянын бүгүн дагы Түндүк Пхёнган аймагынан чыгыш багытына ракета аткандыгын билдирген. Маалыматта ракеталардын курамынын аныктала албагандыгы белгиленген.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости