www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Реформа иш-аракет тобунун жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын 60 жылдан бери ЕБне толук мүчө болуу аракетин кылганын белгилеп өттү.Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдиги менен визасыз тартип процессинде 72 критерийден 66сы бүткөрүлгөнүн айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Реформа иш-аракет тобунун жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын 60 жылдан бери ЕБне толук мүчө болуу аракетин кылганын белгилеп, ЕБнин мекемелерин өз өжөрдөнүүлөрү үчүн кыянаттыкка колдонгондорго моюн сундбай тургандарына басым жасады.

ЕБнин Түркияга болгон муктаждыгынын Түркиянын ЕБне болгон муктаждыгынан дагы көп экенине көңүл бурган Эрдоган: «Түркияны Европа үй-бүлөсүнүн тышына түртүүгө аракет кылгандарга карабастан жолубузду чечкиндүү түрдө улантабыз. Түркиянын толук мүчө катары орун албаган Европа Биримдигинин «куруучу баалуулуктарын өкүлдүк кылуу айтымдары» куру сөз катары калууга аргасыз»,-деди.

Түркиянын Европа Биримдиги менен визасыз тартип процессинде 72 критерийден 66сы бүткөрүлгөнүн айткан Президент: «Калган 6 критерий тууралуу таштай турган кадамдарды эң кыска убакта таштап Европа Биримдигинин виза эркиндигинде канчалык чынчыл болгонун көрөбүз»,-деп айтты.

Бажы Биримдиги келишиминин жаңылануусунун бир гана Түркиянын эмес Биримдиктин да пайдасына болгонун айткан президент Эрдоган: «ЕБне мүчөлүк ар эки тараптын тең пайда таап чыккан теңдемеде менен түшүнүккө ээ болот. Эч ким Түркияны зыян тартып чыга турган теңдемени кабыл алууга мажбурлай албайт»,-деп айтты.

Атуулдардын негизги укук жана эркиндиктеринин өнүктүрүлүшүнүн алдыңкы пландары болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Бул багытта ташталышы керек болгон кадамдарды керек болсо атын Копенгаген эмес, Анкара критерийлери деп жолубузду улантабыз»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын Хельсинкиде расмий түрдө талапкер кылынышынын 20 жылдыгында «Хельсинки рухун» кайра жанданта турган эмгектерге басым жасалышы керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости