www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инженерлер менен окумуштуулар бир нече жолу пайдаланууга боло турган даарат кагазын жасап чыгарышты. Бул тууралуу Казакстан мусулмандар союзунун башчысы Мурат Телибаев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Бул маалымат тууралуу http://mediaplov.asia жазып чыкты.

Мындай материалдын дүйнөдө эквиваленти жок. Аны узак убакытка чейин пайдаланууга болот. Ал үчүн кагазды кир жуучу машинага салып, жууп алат.

Бирок, авторлор материалды жасоо рецебин жашырып турууну туура көрүп жатышат. Бир анык жери бул кагаз нанотехнология жардамы менен жасалган. Ал тургай жаңы кагазды эл аралык көргөзмөлөрдө тааныштырып үлгүрүшкөн. Азыр Кытай, Түндүк корея, Индия менен Африка элдери патентин сатып алып, өндүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Супер кагаз үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет дейт жаратуучулар. Батыш Африкадагы Кот-Дивуар республикасынын адистери менен биргелешип, даарат кагазын жасоого материал болгон бадалдардын өзгөчө түрүнөн чыгарышкан. Африка өлкөсүнө урматтоо белгиси катары бул бадалга “Арка-Сүрткүч” деген африкалык-казакча биргелешкен ат берүүнү чечишкен.

Долбоордун жетекчиси Аманбай Какбас эми каржылоо жана аким тарабынан колдоо гана керек экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости