www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча Кыргызстанга карата доо арызынын маңызын териштире баштады.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, «бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар же жогу каралат. Быйыл май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени тууралуу чечим чыгарган».

Бүгүнкү күндө далилдер базасын түзүү, доогердин жүйөлөрүн изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканы да маалымдалды.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алган.

Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, «Рохат» – «Алтын жай», «Дилором» – «Эне-Сай», «Золотые пески» – «Бостери» деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.

2017-жылы Өзбекстан доо арыз менен Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости