www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Би-Би-Си 5 радиостанциясынын таңкы шоусун алып барган 61 жаштагы Денни Бейкер “Твиттердеги” баракчасына Ханзада Гарри менен актриса Меган Марклдын тун уулу Арчи Хариссон тууралуу жазган билдирүүсүнөн соң жумуштан айдалды.

Ал колдоруна шимпанзе көтөргөн Принц Гарри менен Меган Марклдын сүрөтүн жарыялап, "королдук наристе төрөт үйүнөн чыкты" деп жазган.

Алып баруучу Бейкердин твиттердеги 500 катталуучусу аны рассизмге айыптап чыкты. Себеби, Меган Британ королдук үй-бүлөсүнүн алгачкы африкалык мүчөсү.

Бирок, буга чейин мыкты алып баруучу катары таанылган Денни, эч жаман ой жок эле жазганын билдирди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости