www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бая  күнү чайканада отурган бир абышка “деги не болуп, кайда баратабыз?” деп алаканын жайганда жанында отургандар  аскиялашып дуу күлүшкөндүгү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Буулуккан бугун чыгарып алган тура ошондо... чарчап.. арманын катып, каңырыгын түтөтүп...

Карабайсыңарбы   саясий талааны...нелер гана болуп кетти, болгону да туру... Алдыңкы катарды эми саясатчымын, депутатмын  (кеткени, келгени) дегендердин кулдары ээлешип, чыракка май тамызышып, арабага чегилишип алышкандай. Кайда сүйрөшсө шо жакка баратабыз чамада. Бир карасаң АЛ МАСтын, кайра тыкыр көз салсаң Бакиевдин, Акаевдин, башка-башкалардын кулдарынын эле өчкөн-ышпалдасы чыккан жүздөрү... Жаман курсагы үчүн арабаны жардан ары кулатып ийүүдөн деле тартынышпайт. Алар  күндүн чыгыштан же батыштан чыкканына назар деле салышпайт, аларга баары бир... курсактын тойгону алардын ойлору...

Кожойуну буйрук берип койсо бүттү, пайгамбардын өзүнүн башынан ылдый жугундуну куйуп жиберишет. Чыландыга чылайын деп жатканынын кимдиги, башкасы деле кызыктырбайт. “Шефке каршыбы, демек ал душмандын душманы!” деген ураан менен гана жашашат. Бүттү.

Мисалга, өтмүштүн урандысында калган АЛ МАСтын ыпылас саясатынан улам кургуйга түшкөн өлкө эмес, аларды ошол АЛ МАСтын өзү гана кызыктырат. Тагыраагы анын чөнтөгү.

АЛ МАС өзү гана жеп тим калбастан, ага каршы чыккандардын колуна чыбык уруу максатында  сотторду, укук коргоо аталыктарын, аскерди “жедирген” уурдаган акырынан.

Өлкөнү карыздын сазына батырып, дал жүрөгүнө бычагын матырып алганды көкөлөтүп келгендердин эсине салгыбыз келет:  АЛ МАС ушунчалык эле силерге пайгамбар болуп калган болсо, эмне үчүн жалпы кыргыз үчүн болгону бир алкаш-убадачыга айланып калды? Же биз 2010-жылга чейинки мезгилге салыштырмалуу жакшыраак жашап калдыкпы? Мүмкүн бардык ташпиштер чечилип, Кыргызстан дүйнөдөгү ири державалардын катарына кошулдубу? Же жок эле дегенде айлык-маяналар артып, пенсиялар көкөлөдүбү? Албетте жок. Балким анын кошоматчылыранын чөнтөктөрү кампайгандыр, хан сарайлары салынгандыр... Бирок бул байлыгыңардын түбү арам болуп жатса.... тиягын айтпай эле турайын...

Кандайынан албагыла, АЛ МАС – бул өтмүш. Моюнга аласыңарбы-албайсыңарбы...айырмасы жок....оюндан чыккан “крит” карта ... Анан кантип аны жаңы оюнга кошосуңар ... же каршы тараптагы оюнчу кошуп койобу. Эч качан!

Эми бүгүнкү бийликтин кулдарына кулак кагыш: кечээки бийликтин арыгын чапкандардан мүмкүн болушунча тезирээк арылбасаңар, башыңарга көк муш эле болот. Экинчиден, кечээкиден  утур кине таап, баарын шолорго оодарууну унутуп, элдин үнүнө кулак салып, жаңы шыпыргыдай жаңыча шыпыра баштагыла.

Ойлоп көрсөңөр, 6 миллиондуу мамлекеттин жоопкерчилигин мойунга алуу, жамбаштап жатып алып, кымыз ичүү  дегендик эместир.Ташпиштер толтура. Көчмөндөр, жакырчылык.... демек, сын пикирлер арбып, ачуу сөздөр мөндүрдөй төгүлөт. Чыдаш керек.

Жападан жалгыз шыпаа - бул элдин үнү. Эгерде эле өлкөнү өнүктүрүү, алдыга жылдыруу ниетиңер түз болсо Чечдөбөгө чогулуп, акылды калчап, жети өлчөп бир ченегиле. Шайлоо кодексин түп-тамырынан өзгөртүп, бүгүнкү чындыкка жакындатып туруп, шайлоону мүмкүн болушунча элдик маанайда өткөргүлө. Керек болсо курултай институтун (мындан мурунку кошоматчы курултайлар да унуткула) киргизүү да артыкбаш болбос.

Ар кимдин тагдыры өзүнүн колунда дегенибиз менен улуттук деңгээлде, мамлкеттүүлүктүн түспөлүндө кошоматчы, бир кемтиги бар кулдардын аң-сезими өзгөрө койбос. Аларга  адилеттүүлүк, билимдүүлүк, маданияттуулук, өнүгүүлөр таптакыр түшүнүксүз, түшүндүрсөң деле түшүнүшпөйт. Ошон үчүн алардан арылуу гана керек.

Албетте, калайык калктын өзү акыркы 30 жылда  туура кадамдардан көрө натурасына басым жасаганын да унутпайлы. Элиң кандай болсо, падышаң да ошондон ашып түшпөйт дегенди эстен чыгарбайлы. Бирок эл деген Африкада да эл... Ал улук, улуу... Демек, ага кызмат кылуу бу тирүүлүктөгү эң ыйыктардын ыйгы... Ушуну унутпасак.

Калдар Шерматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости