www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлыктардын дымагы кайрадан көтөрүлө баштады. Атамбаевдин иши бүтөр менен жели чыккан табарсыктай болуп калган кытайлыктар Абылгазиевге таяныштыбы же кимге таянышты белгисиз кыргыздар менен чырдаша кетишти. Нарындын Солтон-Сары кенинде чыккан чырга байланыштуу кайрадан отузга чукул малчы чогулушту. Алар чатакка себепчи болгон деп кытайлык компаниянын кызматкерлерин айыптап жатышат. Алар "күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын" деген талап коюшту. Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айтты.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Жоржди Майнинг" компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди.

“Бул уруш кыргыздар менен кытайлар бири бирин түшүнбөгөндүктөн чыкты. Мен азыр компаниянын жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар "биздики туура эмес болсо, мыйзам чегинде жооп берүүгө даярбыз" дешти”.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости