www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исламдын негиздерине доо кетирип келаткандар кимдир бирөөлөр эмей эле, кудум молдокелер экендигин канча айтсак, алар ошончо танышып, бетине ыйык китептеги аят, сүрөлөрдү тутуп келишет. Акыркы мезгилдеги исламдын короосуна ыргытылып жаткан котур таштарлын дээрлик баарынын пайда болушуна кудум ушул молдокелер күнөөлүү экендигин билип туруп, билмексен болуп келишкени өкүнүчтүү.

Кээ учурда кызыл, кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет дегенге азгырылгандан улам, бул багыттагы коррупцияны өздөрү “адалдаштырып” же тилди чанып айтып келишкен “хахалдаштарып” жиберген учурлар ондоп саналат. 

2019-жылдагы Айт намазда Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде (миңдеген намазчылар келишкен) жайнамазга намаз окуу үчүн турушкандардын маңдайында “калтасын” көтөрүшкөн балдар пайда болушуп, айт намазынын салыгын жыйнап киришкендигин жазган элек.

Ачык эле айталы, 4-5 миң адамдын ар бири жок эле дегенде 50 сомдон таштаганын көрүп (мэр, шаардык кеңештин төрагасы, башкалары 1000-5000деп узатышкан) бир чети таң калганбыз.

Анан илимдүү-билимдүү дегендеринен аста сурап, андан бетер таң калып алаканды жайган жерибиз бар. Исламдын канондору боюнча айт намаз күнү мындай “берешендик” дегеле каралбаптыр. Мындайды “кайырчылык” деп атасак болот дешти. Андай күнү оштук молдокелер кайырчыбы деп тактап туруп, коомчулукка кайрылганбыз.

Жума намазда (жер-жерлерде) айрым бир муктаждыктан улам мына ушундай (кайырчылыктын) бар экендигин гана моюнга алуу менен, Айт намаздагыга жооп таба алышпай коюшкан.

Эми “айттык беришет” деп кутулуп кетишкен. Бирок “айттыкты” намаздын алдынан эмес, андан чыккандан кийин жакындарына, санаалаштарына, башкаларга бере тургандыгын да тактаганбыз.

Бирок, баары айтылып кала берген.
Мына, алдыда Курман айт келатат. Албетте намазы менен. Демек, “кайырчылыкты” улантышып, Айтка шылташып кайрадан намаздын алдынан тыйын-тыпыр чогултушат. Кайрадан собол менен кайрылабыз: ушул исламдын канондоруна туура келбесе, аны ким жана не максатта чогултуп жатат?Бул арамбы (харамбы) же адалбы ( халалбы)...Болгону ушул эле суроо, Башкаларын билбейм, бирок Оштогу Сулайман Тоонун молдокелеринин ойунан жаралгандыктан, балким кайсыл бир ажайып жообун айтышар. Күтөбүз...

Калдар Шерматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости