www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кытай кыл менен мууздаса” өзбектер пахта менен мууздамай болду. Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болушту, премьер Абылгазиевдин ага-туугандары мурунку жегендерине тойбой ач калса керек, ал сыймык (гордость) дегенди унутуп жалжайа күлүп, бул акчаны алмай болду. Эскерте кетчү нерсе Мухаммедкалый мурза бир гана Жээнбековдун алдында күлөт.

Өзбекстан 100 миллион долларды бекер эле бере коймок беле. “Суу, жер” –деп жыландын тилин кылтыйтты:

  1. Суу Борбор Азияда чечилбей келаткан оор маселе. Ыраматылык Каримов айткан, суу маселесинен улам согуш да чыгып кетиши мүмкүн деп. Ала чапандар түнкүсүн келишип Токтогулдан суу алып кетип жатышат дегендей имиштер бар. Эми ушуну Абылгазиев мыйзамдаштырса элдин шоруна калды. Анткени, ансыз деле суу аз болду, Токтогулда суу аз дешип, электрге өчүрүп-күйүрүп асылса эле, чыңалып турган эл Абылгазиевди соо койбойт.
  2. Жер маселеси совет мамлекети республикаларга бөлгөндөн баштап курч маселеге айланган. Ал эми союздук республикалар эгемендикке жеткен соң, бул маселе ого бетер чыңалып, кээде кан төгүлүп кетип жатат. Эгер бир укум жерди өзбектерге өткөрө турган болсо моңолдор Абылгазиевди эл “Моңолстанын” таанытып коюшат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости