www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти Акипресс жаңылыктар порталынын «Турмуш» бөлүмүндө 2022-жылдын 11-июну күнү саат 12:36да жарыяланган «Зыянкеч курттар Кадамжай районунун талааларына кол салууда» аттуу макаласын карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бул зыянкечтери кемирип жечү үкүчөлөрдүн (Noctuidae) бир түрү.
Кыргызстанда кеңири жайылган, ал эми Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын эгин талааларында көп санда 2018-жылдан бери катталып келет.
Вегетация мезгилинде зыянкеч 1-4 муунду басып өтүшү мүмкүн. Аталган курттун гусеницасынын тамактануусу кечинде жана түнкүсүн байкалат. Күндүз алар жерге жакын жалбырактардын ылдый жагында же жер үстүндөгү топуракта жашырынышат. Жаш курактагы гусеницалар негизинен отоо чөптөрдү (алабата, просвирник, чырмоок, сүт тикен ж. б.) жешет. Алар жалбырактардын астыңкы бетин эпидермиске чейинки бөлүгүн жабыркатат.
Топуракта болгондо, өсүмдүктөрдүн сабактарынын тамыр моюнчасы тарабын жабыркатат. Гусеницалардын чоң курактагылары жалбырактарды тешип жешет, ал эми улуу курактагылары жалбырактарды толугу менен жеп, жалбырактардын борбордук жилкаларын гана калтырышат.
Гусеницалар топуракта жашагандыктан, инсектициддерди чачуу таасири аз. Ошондуктан, аларга каршы күрөшүү үчүн кечки сааттарда (гусеницалар топурактын бетине мүмкүн болушунча жакын болгондо) иштетүү же көпөлөктөргө каршы натыйжалуу системалык препараттарды колдонуу сунушталат.
Күрөшүү чаралары. Топуракты терең айдоо, отоо чөптөрдү жок кылуу, Трихограмма биологиялык препаратын колдонуу жана гусеницалардын массалык чыгуулары учурунда төмөнкү инсектициддерди колдонуу: Эмамектин-бензоат (Проклейм), Кораген, Абамектин, Моспилан, Фастак, Кинмикс, Талстар, Конфидор, Каратэ, Суми-Альфа, Нурелл-Д, Децис ж. б.
Сунуш. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян алып келүүчү зыянкеч курт, илдет жана отоо чөптөрдүн зыяндуулугун азайтуу жана аларга каршы өз убагында чара көрүү максатында, талааңызда/бакчаңызда же жайыттарда курт кумурска, өсүмдүктөрдүн илдети же отоо чөптөрүн байкасаңыз, даро Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин облус/райондордогу адистерине кайрылыңыз.
Булак: NazarNews.kg