www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“2001-2005-жылдар аралыгында Айыл өкмөт башчыларын эл шайлаган.  Бирок, 2009 -жылы бул кадамдан чегинүү жасалып, айыл жергесиндеги жергиликтүү бийликтин башчыларын ошол аймактагы кеңештердин депутаттары шайласын,- деген жыйынтыкка жетишилген. Бирок, эл менен болгон жолугушууларда айтылып жаткандай,  жергиликтүү депутаттар “бир ууч” гана топту түзгөндүктөн, алардын “тилин табуу” оңойго турарын тажрыйба көрсөттү. Аймактарды кыдырып чыкканыбызда, көпчүлүк тургундар айыл өкмөт башчыларын эл шайласын дегенге ынангандыгын билдик”- дейт депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 29-мартта “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Депутат ошондой эле “жергиликтүү кеңеш депутаттарынын иштөө мөөнөтүн 5 жыл,- деп белгилөө” жагы сунушталып жаткандыгын да кошумчалады.

Мамлекеттик тилди билүү талабы дагы талкуудагы мыйзамдын орчундуу бөлүгү,- деген К.Бокоев, - “Айыл өкмөт башчылыгына келип жаткан кадр бюджет эмне экендигин билүүгө милдеттүү”,- дейт.

Айылдык кеңештердин төрагалары маяна алып иштеши керектигин белгилеген демилгечи депутат, - бул багыттагы каржылоо иштерине жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетишерлик,- деген эсебин чыгарды.

"Реалдуу турмуш шарты көрсөткөндөй, коомдогу  айыл өкмөттөрүнүн ролу абдан зор. Андыктан, кадр тандоодо ошол кызматка чыныгы татыктууларды тандап алуу маанилүү. Демек, актуалдуу делген мындай  маселени чечүүдө аны элдин калыс таразасына сала билгенибиз жакшы. Ошондуктан, мен сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кош колдоп колдойм",- дейт ошол эле уктурууга катышкан ЖК V чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Надира Нарматова.  Ошондой эле ал кадрлардын ротациялык тартип менен иштешин калыпка салганда  жоопкерчилик жогоруламак,- деп эсептейт.

Булак: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Последние новости