www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мурун депутат болгон, мурун соттолгон Садыр Жапаровдун акциясын актуалдуу маселеге айлантып эле убара болуп атабызда. Так айтып эле койоюн бул жигит менен мурун тааныштыгым да  жок таарынычым да жок. Болгону анын саясаттагы таржымалын тарыхын айтып берейин”, - деген пикирин бүгүн, 30-мартта ЖК “Ар түрдүү маселелер” жыйынында ЖК депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

“2012-жылы октябрь айында Ак үйдүн алдында  акция болуп  “Кумтөрдү” улутташтырабыз деген чоң акция болуп, Жогорку Кеңешке жортуул жасалган эле. “Кумтөр” улутташтырылсын же кууп кетирилсин деген, жортуулу оңунан чыккан эмес, жонунан чыккан ал ортодо камалып тынган. Аны текшергенде жанында эки пистолет чыккан. Андан алты ай өтпөй “Кумтөрдү басып алабыз” деген ураан менен Барскоондо жол жабылып, подстанциянын өчүрүп, эки ортодо мамлекетибиз 271 миң зыян тарткан. Милиция менен эл кагышкан. Президенттин жарлыгы чыгып, өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошол жерден сегиз адам камалып кеткен. Кашкар Жунушалиев баш болуп канча деген милиция жаракат алган... Кийин октябрь айында Ысык-Көл областык администрациясын басып алууда Садыр Жапаров тургандыгын, Эмил Саламатович өзү айтып жатат. Андан кийин УКМКны басып алганга аракет кылды эле аны биз улуттук лидер кылып жатабызда. Ай төрт жолу төңкөрүш жолу жасаган кишини биз улуттук лидер кылып жатабыз, – деди депутат.

Эске сала кетсек, мындан бир нече күн мурун мурдагы губернатор Эмил Каптагаев, өзүнүн Фейсбук баракчасына Садыр Жапаровдун үстүнөн эч кандай арызданбагандыгын жазып чыккан эле. Андан сырткары социалдык тартмактардагы көпчүлүк, Садыр Жапаровдун өзүнө эмес, бир үй-бүлөөдөн 7 адам камакка алынгандыгын кызуу талкууга алып, балдарынын ал-абалы боюнча кыжырдануусу жарыя болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости