www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кенжебек мырза, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө иш жүрбөй жатканын айтып, өкмөттү сындап жатасыз. Кайсы маселеде нааразысыз?

– Депутаттар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биздин мамлекетте жана биздин мамлекеттен тышкары жерлердеги киши өлтүрүүгө катышкан окуяларды көтөрүп жатышат. Мен ойлойм, бул маселени парламентте атайын маселе кылып киргизип, кароо керек. Биз 5-чакырылышта уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөшүү жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Бир жылдан бери ошол мыйзамдын аткарылышын палатага киргизип, карата албайм. Албетте, сын айтканга негиздер толтура. Өкмөт, укук коргоо органдары аны аткарган жок.

Ал мыйзамдын негизинде ОПГ мүчөлөрүнүн баары каттоого алынып, алардын каражаттары, каржы булактары, кайда жүрүшөт, ошонун баары көзөмөлдө болуш керек эле. А азыркы күндө андай иштин бири жок. Бир да ОПГ мүчөсү сот аркылуу Каттоого алынбаптыр. Негизи эле өкмөт мыйзамдардын аткарылышы боюнча эч кандай жоопкерчилик тартпай калышты. Жумуштарын, милдеттерин начар аткарганы үчүн биз да алардын жоопкерчилигин карабай жатабыз. Бир да минисгр, же жетекчи мыйзамды аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылган эмес. Мындайда иш болбойт.

– Бизнеске аралашып жүргөн адамдардын өлтүрүлүп жатканы эмнени түшүндүрөт?

-Жакында аэропортто, ага чейин «Мадина» базарында иштеген ишкердин өлтүрүлүшү, 3-4 күн мурун Түркияда атылып өлтүрүлгөн кытай ишкеринин окуясында да кыргызстандыктардын аттары аталышы жөн жерден эмес. Буга чейин деле «баланча бизнесменди өлтүрүп кетиптир», «түкүнчө бизнесмендин мүлкүн өрттөп кетиптир» деген маалыматтар айтылып эле келген.

Ошон үчүн да мен тынчсызданып, чырылдап жатканымдын себеби бар. Бизде уюшкан кылмыштуулук менен күрөш болгон жок, же токтоп калды. Муну көзөмөлгө албасак, карабасак, болбойт. Мындай окуялар дагы көбөйөт. ОПГ бийликке согуш жарыялаганга жакын калды. Бизнесмендерди өлтүрүп, эч нерседен коркпой, булар эми ачыкка чыгып алды.

– Эмнеге анда министр Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчилиги каралбайт?

– Бир эле ИИМ жетекчисинин эле эмес, аткаруу бийлигинин мүчөлөрүнүн баарынын жоопкерчилиги каралыш керек. Эмнеге алар ишешпейт? Мыйзамды аткарып, аёосуз күрөш жүргүзүшпөйт? Шалаакы иштерге жол берип жатышат? - дейт К.Бокоев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости