www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеп кызматта эмес, жасаган ишинде

Айрым билермандар 44 жаштагы Улукбек Кочкоровдун социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчи болуп келишине ичи чыкпаганын айтып, өксүшөт десең. Эй, айланайындар керек болсо рулду тегеретип жүргөн шопурлар деле чарк айландыра мамлекетти башкарып жүрүшкөнүн эсиңерден чыгардыңарбы? Тегинде бар болсо ошентип өлкөнү оңго, солго жайкап салат, туурабы? Ошол эле Икрамжан Илмиянов деле алыскы Лейлек жергесинде жетилип, анан Атамбаевдин жанынан жарым карыш чыкпай жүрүп, төбөсү көккө жетпеди беле? Ал келатканда бөжөктөй болуп алдына жата калгандар эми билмексен болуп жатышканы кайсыл логикага сыят деген киши жок.

Ал эми Улукбек мырзанын азыркы “тарыхы” таптакыр башка нукта десек туура келет. Анткени канткен күндө да өкмөт ага сунуш кылды, келбейсиңби, жарыгыңды элге бербейсиңби деп. Сунушту Кочкоров леп эттире илип алды да, үлкөн орунга отуруп калды. Мунун эмнеси жаман? Абдан туура кылды, эми үй-бүлөөсүн тумшуктууга чокутпай багып алууга шарт түзүлдү. Кечке интернет сайгылап отурганга салыштырмалуу көз тайгылткан унаага конуп алып, жумушка кеткен жакшы экени калетсиз эмеспи? Анын иши катуулап, өзөктүү маселелерди ойгото алса, коррупциянын тукумун соолутуп салса, эрке талтаң кадрларды тазаласа бийлик башчы “үч тамгага” жетекчи кылып коёру талашсыз. Ошондуктан кеп кызматта эмес, жасаган ишинде деп койсок акыйкат болоттур. Сындаганды билген киши кызмат берилгенде катыра иштегенди да жалпы журтка айгинелеши талапка ылайык. Же мунун өөнү барбы?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости