www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баа саясатынан чыккан окуя

Маалымат каражаттарында “Кербен” базарынын кожоюну Абдирейим Кулбаев “Дордой” жана “Алкан” базарларынан куулган тогуз кытайлык монополист ишкерди базарына киргизип алып, “Дордой”, “Алканов” базарларында иштеген миңдеген кыргыз соодагерлерин банкрот кылууда” деген маалымат тараган. Анда “Кыргыз ишкерлерин банкрот кылып, базардан кол жууп калуусуна “Кербен” базарынын ээси, “акжолчу” экс-депутат Абдирейим Кулбаев жардам берүүдө. Абдирейим Кулбаевге кыргыздардын банкрот болуп, соодасы токтоп, миӊ деген ишкерлер жабыркаганы маселе деле эмес. Ага, кытайбы, ким болбосун капчыгына акча түшүп турса болду экен. Байлык үчүн миӊ деген кыргызстандык мекендештерин садага чаап жаткан Абдирейим Кулбаев 9 кытайдын тарабында болуп, аларды милиция менен кайтартып койгон… Кулбаев Кытайдан арзан жумушчу күчүн алып келип, Кыргызстанда акчага маарыгысы келип жатат…” деп айтылат. Кыргызстанда иштей турган жумуш жоктугунан миңдеген мекендештерибиз кара курсактын айынан четте мигрант болуп жүрсө, көпчүлүгү базарда соода кылып, үй-бүлөсүн багып келатканы турмуш чындыгы. Чын эле Кулбаев кытайлык монополист ишкерлерге жан тартып, кыргыздын кызыкчылыгынан кытайдын кызыкчылыгын жогору коюп жатабы?-деген максат менен “Кербен” базарына барып окуянын чын-төгүнүн изилдеп келдик.

“Кербен” базарына соода кылганы кытай ишкерлери барганы чындык экен. Бирок, маалыматта айтылгандай алар тогуз эмес, жетөө гана болуп чыкты. Барганыбызда кытайлар иштетип жаткан контейнерлердин баары печатталып, жабык туруптур. Кулбаев Кытайдан арзан жумушчу күчүн алып келип, Кыргызстанда акчага маарыгысы келип жатат” деген маалымат дагы ойдон чыгарылган, туура эмес болуп чыкты. “Кербенге” барган жети кытай ишкерин Кулбаев Кытайдан алып келбей эле, алар бул жакта 2002-жылдан бери “Дордой”, “Алкан” базарларында соода менен алектенип келишиптир. Кытай ишкерлери аялдардын кышкы курткасын сатуу менен алектенишет экен. “Кербен” базарында болуп жаткан окуя кытай ишкерлери “Дордой”, “Алкан” базарларында иштеп жаткан учурда башталыптыр. Тагыраагы, 2017-жылдын 30-сентябрында кыргыз ишкерлери кытайлыктардын базардагы баа саясатына таасир берип жатканына нааразы болуп чыгышат. Кытай өлкөсү кыргыз жарандарына виза берүүнү токтоткон соң, биздин ишкерлер Кытайга барып товар алып келе албай, кыйынчылыктарга туш болушуп, арзан товар алып келе албай жатышканы белгилүү. Кытай жарандары өз өлкөсүнөн товарды арзан алып келип, бул жактагы базарларда жергиликтүү ишкерлердин бир топ баада төмөн сатып жатканы, кыргыз ишкерлеринин соодасына таасирин тийгизгенине базарда иштегендер чыдай албай, кытайлыктарды базарда иштетпейбиз деп чыгышкан. Маселенин өзөгү баа саясаты менен башталыптыр. “Дордой” жана “Алкан” базарларында өткөн жылы чуу жаралганда Кытайдын соода палатасынын өкүлчүлүгү менен “Дордой” базарынын профсоюзу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин кайрадан кытайлык ишкерлерге соода жүргүзүүгө уруксат берилет. 2018-жылдын 21-февралында кайрадан тиреш башталып, жергиликтүү ишкерлер кытайлыктарды “Дордой” менен “Алкан” базарларынан иштетпей чыгарып жиберишет. Андан кийин кытайлык ишкерлер “Кербен” базары менен келишим түзүшкөн. Окуянын таржымалы мына ушундай. Кулбаев Кытайдан ишкерлерди алып келип деген карандай калп болуп чыкты.

Батырбек Абдылдаев, “Кербен” базарынын аткаруучу директору:

“Мен кытайлардын кызыкчылыгын жогору койбой эле, келишимди бузууга буйрук бергем”

— Бул кытай жарандары мурун “Дордой”, “Алкан” базарларында соода кылчу экен. Ал жактагы сатуучулар менен келишпестик болуп ызы-чуу болуптур. Профсоюз комитетинин төрайымы Дамира Дооталиева мага телефон чалып “Батыр байке, 5–6 кытайыбыз батпай койду. Бул жактагылар иштетпей жатышат. Силер четте турасыңар. Ушуларга орун таап берип, киргизип албайсыңарбы?” деген. Чындыгында бизде бош орундар бар болчу. Ошентип сурангандан кийин келе берсин дегем. Ызы-чуу болорун кайдан билиптирбиз? Бул өткөн жылы күзүндө болгон. Ошол жылы кытайлар биздин базарга келген эмес. Аларга февраль айына чейин соода кылганга уруксат беришкен окшойт. Кытайлардын айтканы боюнча 15 жылдан бери “Дордой” базарында аялдардын кышкы курткасын сатып соода кылып иштешип жатышыптыр. Ошентип кытайлар күзүндө бизге келишкен эмес. Алар биздин базарга ушул жылдын март айында келишип, 5–6 контейнер таап берсеңер деген. Профсоюз комитетинин төрайымы Дамира Дооталиева суранып жаткандан кийин кытайларга орун таап берип, 12-мартта 2018-жылы бир жылдык келишим түзгөнбүз. Дооталиева деле чыр чыгаарын билген эмес да. Базардагы контейнерлер бизге караштуу эмес, кожоюндары бар. Алар менен дагы сүйлөшүү жүргүзгөнүбүздө, контейнердин кожоюндары киргизебиз дешкен. Кытай ишкерлери менен 6 миң сом аренда, миң сом охранага төлөйсүңөр деп келишимге келип, бир эле жылга келишим түзгөнбүз. Булар биз менен жазында келишим түзүшкөндөн кийин иштеген эмес, Кытайга кетишкен. Кышкы куртка саткандыктан 4–5 ай гана иштеп кайра кетишет экен. “Контейнерлерди чакан ремонттон өткөрсөк болобу?”, деп сурашкандыктан, “Контейнер биздики же силердики эмес, ээлери бар. Баарын ремонт кылбай эле койгула. Алар чыккыла деп калышы мүмкүн” деп айтканбыз. Кытайлар жайы менен жок болду. Августта келип контейнерлерди ача башташты. Ошол айда эле “Дордой” базарында иштеген ишкерлер Дооталиевага барып “Баягы кытайлар “Кербенге” контейнер ачып, биздин соодабыз болбой калды. Эмне кылабыз?” дешет. Биз Дооталиева менен кезиккенбиз. Ал “Контейнериңерди жапкыла, бул жакта кырдаал курчуп баратат. Ызы-чуу чыгышы мүмкүн” деди. Бизде келишим бар, кытайлардын соода кылганга уруксат кагаздары бар экен, патент алыптыр, аренданы төлөсө, мыйзам бузуу кылбаса кантип жабамын?-дегем. Ишкерлер контейнерлерибиздин арендасын төлөй албай калдык дешти. Дамира менен 3–4 күнгө жаба туралы деп сүйлөшкөнбүз. УКМКнын чет элдик жарандар менен иштеген 10-бөлүмүнө, милицияга маалымат билдиргем. 24-августта кытайларды чакырып, абалды түшүндүрүп, эл келип силерди сабап жиберсе туура болбойт, 3–4 күнгө жаба тургула деп сурандым. Тигил базардан Дооталиева менен кошо жүзгө жакын адам келгени чындык. 3–4 күндөн кийин кайра ачканбыз. 30-август күнү кайра кытайларды сабайбыз, товар, контейнерлерин өрттөйбүз деген топ келди. Анда Свердлов РИИБнин начальниги өзү да келди. 31-август майрам болот, андан кийин Көчмөндөр оюндары башталып, коноктор келет, Көчмөндөр оюндары бүткүчө жаап туралы деген. Кытайларды чакырып кырдаалды түшүндүрүп, башаламандык болуп кетпесин дегем. Алар макул болуп жабышкан. Кыргыз ишкерлер мага арыз жазышып, кытайлардын контейнерин жапкыла, жаппасаңар ызы-чуу болот деп кайрылышкан. Мен кытайлардын кызыкчылыгын жогору койбой эле, келишимди бузууга буйрук бергем. Кытайлар болсо келишим боюнча иштейбиз, жок дегенде жаңы жылга чейин уруксат бергиле, соода кылып кетебиз дешүүдө. Кытайлар да өздөрүнө караштуу жактарга арызданышыптыр. Алардын кызыкчылыгын коргогон жетекчилери “Кандай негиз менен иштетпей жатасыңар?” деп келген. Аларга абалды түшүндүрүп, коопсуздук үчүн келишимди бузуп жатканыбызды айткам. Дамира менен сүйлөшкөндө ал дагы чоң чыр башталып кетсе эч ким токтото албай калат деп түшүндүргөн. Абдирейим Кулбаев 7 кытайдын бул жакка кирип жатканын билген эмес. Абдирейим Кулбаев 7 кытайдын келгенин билген деле эмес. Анын бул маселеге эч кандай тиешеси жок. Ал киши мени “Кербен” базарга аткаруучу директор кылып дайындаган, мен баарына жооп берем да. Кытайларды милиция менен кайтартып койду деген карандай калп. Бир да кытай жаранын кайтарууга алдырган эмеспиз. Кытайларга силер товарыңарды “Дордойдо”, “Алкан” базарында иштеген кыргыз ишкерлерине бербейсиңерби, алар товарды сатып акчаңарды берет деп сунуш да айттык. Алар “Карызга бере албайбыз, накталай гана беребиз. Карызга берсек тыйынын ала албай, алар менен соттошуп жүрмөк белек” деп баш тартышты.

Дамира Дооталиева, “Дордой” базарынын профсоюз комитетинин төрайымы:

“Кулбаев кытайларды алып келген эмес”

— Кытай ишкерлери “Алкан” базарына жайгашып иштеп жатканда, ошол жердеги кыргыз ишкерлери менен тил табыша албай калат. Кыргыздар Кытайга кирүүгө виза ала албагандыктан, 25 жыл иштеткен фабрикасына бара албай калышса, ошол эле фабрикадан кытай ишкерлери бул жакка кенен товар алып келип, “Алкан” менен “Дордой” базарынын ортосунда, кышкы куртка саткан кыргыздардын жанына турушуп, 10 контейнерге жайгашып, товарлардын баасын 100 сомго чейин түшүрүп, кыргыздардын кыжырына тийишип, ортодо чыр-чатак чыгып кеткен. Кыргыз ишкерлер “Бул кытайларды “Дордой” базарынын ичинен кетиргиле. Сырт жакка чыгаргыла” деген. Бул окуя 2017-жылы ноябрда болгон. Кытайлардын контейнерин жаап койсок, алар “Эптеп декабрга чейин соодабызбы бүтүрүп алалы. Бизге декабрга чейин уруксат бергиле. Эки ай соода кылып товарыбызды түгөтүп алабыз. Январда Кытай жаңы жылына кетебиз” деди. Кыргыздар такыр кетсин деп туруп алышты. Мен “Кербен”, “Жунхай” базарынан суранайын, чет жакка чыгарып берейин. Булар эптеп товарын сатып бүтсүн десем, кыргыз ишкерлер макул болушкан. Конфликт болуп кетпесин деген ой менен “Кербен” базарынын аткаруучу директору Батыр байкеге телефон чалып окуя тууралуу айткамын. Бирок, кытайлар “Кербен” базарына жайгаша электе эле кыргыздар мага “Эже, кытайларды “Кербен базарына жайгаштырып койсоңор, бизден 100 эле метр алыста жайгашып калып, кыйынчылык болот экен. Ал жакка жайгаштырбагыла. Базардан биротоло кетсин. Биз товарын сатып алабыз” дешти. УКМКны, милицияны чакырып, сүйлөшүү болду. Батыр байкени кайра чакырып, байке кыргыздар кытайларды “Кербен” базарына жайгаштырсаңар чатак чыгат деп атат, мен сизден ушул кытайларды жайгаштырып турбайсызбы деп сурандым эле. Эми аларга орун бербеңиз, сизден суранам деп айткам. Кытайларга сүйлөшүүдөн кийин январга чейин иштөөгө уруксат бергенбиз. Алар январдан баштап келбейбиз деп жазып беришкен. Кийин Батыр байкени дагы чакырып, контейнерлерди жаппасаңыз болбойт, абал курчуп баратат деп сурандым. Элдин сөзүн угуңузчу деп эл менен жолуктук. 50 киши сөз сүйлөп, контейнерлерди өрттөйбүз, керек болсо өзүмдү өрттөйм дегендер болду. Көчмөндөр оюнунун алдында эл мени “Кербен” базарына алып барып, кытайларды иштетпейбиз деп туруп алышты. Ошентип контейнерлерди жаптык. Бул окуя боюнча УКМК, ИИМге билдирип, бир нерсе болуп кетсе жоопкерчиликти албайм дедим. Свердлов РИИБнин начальниги да келип, Батыр байкеден “Байке, Көчмөндөр оюну бүтсүн, 9-сентябрга чейин жаап туруңуз. Андан кийин сүйлөшөлү, бир сөзгө келели” дегенине макул болуп, контейнерлерди жапкан. Мен бирөөнү жаман атты кылгым келбейт. Баарын ачык айтам. Ооба, чыр күчөп кетпесин деп башында Батыр байкеден кытайларды жайгаштырып туруңуз деп сурангам. Бирок, жайгаштыра электе байке мен сизден сурандым эле, жайгаштырсаңыз чыр чыга турган болуп жатат, жайгаштырбай эле коюңузчу деп кайрадан сурангам. Бул эки башка маселе. Мен 8-сентябрда чет жакка учуп кеткем. Келсем маалымат каражаттарында Кулбаев тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып кетиптир. Кулбаевдин бул жерде тиешеси жок. Кулбаев кытайларды алып келген эмес.

Роза, кытай ишкери:

“Контейнерибиз жабык бойдон турат”

Өздөрүн Роза, Максим деп тааныштырган кытай ишкерлери менен да сүйлөшө алдык. Алар болсо мыйзамдын чегинде иштеп жатканын, тийиштүү документтеринин баары бар экенин айтат. Аларга да 2–3 суроо узаттык.

— Силерди “Кербен” базарына ким алып келди? Базардын жетекчилиги чакырдыбы же башкалар сунуш кылдыбы?

— Биз 2002-жылдан бери “Дойдой” базарында соода кылып келгенбиз. Бул жакка өзүбүздүн тааныштар соода кылууга чакырышкан. Көп жылдардан бери аялдардын кышкы курткасын сатабыз. 2017-жылы күз айларында жергиликтүү ишкерлер менен тиреш башталган. Алар бизди соода кылдырбайбыз деп чыгышкан. Контейнерлерибизди жапканга мажбур болгонбуз. Бизге “Кербен” жана “Жунхай” базарына барып иштебейсиңерби деген сунуш болгон. “Жунхайга” баралы десек, ал жакта куртка сатпайт экен. Ошондуктан “Кербен” базары менен сүйлөшкөнбүз. “Кербен” базарынын жетекчилиги бизди келгиле деп чакырышкан эмес. Профсоюз төрайымы Дооталиева сунуш кылган, биз макул болгонбуз. Бул жакка келгенде деле иштетпей жатышат. Контейнерибиз жабык бойдон турат. Кытай элчилигине маселени чечип берүү үчүн кайрылдык.

— Абдирейим Кулбаев деген кишини тааныйсыңарбы?

— Ал ким. Биз андай киши менен сүйлөшкөн эмеспиз. Көргөн да жокпуз. Тааныбайбыз ал кишини.

— Силерди милиция кайтарып жүрөбү?

— Жок, эч кандай милиция кайтарбай эле жүрөбүз.

Бул кытай ишкерлеринин берген жообу. Демек, аларды “Кербен” базарына атайын эч ким чакырган эмес. Алар Кулбаевди таанымак түгүл көрбөгөн ишкерлер. Милиция менен кайтартып койгон деген маалымат дагы чындыкка дал келбейт.

Самарбек Болотбеков, Свердлов районунун акими:

“Азыр эки тараптын компромисске келүү маселесин карап жатабыз”

Базарга барып, иликтөө иштерин жүргүзүп жатканда Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков дагы барып, “Кербен” базарынын жетекчиси, кытай ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал менен таанышты. Сүйлөшүүгө журналисттерди киргизген жок. Өзүбүзчө сүйлөшүп алганыбыз туура болот деп чечти. Өздөрүнчө сүйлөшүп алгандан кийин Самарбек Болотбековго да суроо салдык.

— Сизге “Кербен” базарында болуп жаткан окуя боюнча кайрылуу болгонбу?

— Өткөн жумада расмий түрдө арыз менен кайрылышкан. Ага чейин райондун милициясы кабар берген. Мыйзамдуу түрдө иштеп жатабыз деген кытай ишкерлеринин версиясын уктум. Эми экинчи тараптын оюн, талабын угушум керек. Ошондон кийин бир нерсе деп айта алам. Бул кырдаалды сөзсүз түрдө консенсуз менен чечкенге аракет кылыш керек.

Ошол күнү Свердлов районунун акими экинчи тарап менен жолуга алган эмес. Гезит даярдалып жаткан күнү акимдин кол телефонуна чалып, экинчи тарап менен сүйлөшүү жүрдүбү, кандай чечимге келе турган болду? — ​деп сураганга жетиштик. Аким Самарбек Болотбеков “Экинчи тараптын оюн, талаптарын уктук. Азыр эки тараптын компромисске келүү маселесин карап жатабыз. Мыйзам чегинде гана чечим кабыл алабыз. Кытайлардын тийиштүү документтери бар экен” деген жообун узатты.

 

Күйүтү күч кыргыз ишкерлери

“Алкан” базарына барып, аялдардын кышкы курткасын сатып, өз үй-бүлөсүн багып жаткан кыргыз ишкерлерине да барып жолуктук. Алардын арманы да көп экен. Кытай мамлекети кыргыз ишкерлерине виза бербей койгондон улам алардын түйшүгү көбөйүптүр. Биз барганда эле заматта 8–9 ишкер келип, арманын айтканга үлгүрүштү. Кытай ишкерлери базардагы баа саясатын сактабай, товарлардын баасын арзандатып сатып, кыргыз ишкерлерин банкрот болуу чегине чейин жеткизиптир. Бир эле куртканын баасындагы айырма 300–400 сомго жетет экен. Жергиликтүү ишкерлер “Кытай фабрикалары өздөрүнүн жарандарына товарды арзан баада насыяга да бере беришет. Биз виза жоктугуна байланыштуу ал жакка бара албай, интернет аркылуу буйрутма берип товар алдырып калдык. Биз накталай акчага гана товарлар алдырабыз. Бул кытайлар бир-эки орун гана ачпастан, онго жакын орун ачышып, баа саясатын бузуп, бизди иштетпей коюшту. Азыр мурункудай соода дагы жок. Контейнерибиздин арендасын төлөө кыйын болууда. 2,5 миң доллар ай сайын аренда төлөйбүз. Бир контейнер жок дегенде 5–6 үй-бүлөнү багып жатат. Кытайларды токтотпосо бир канча үй-бүлө нанынан ажыраганы калды. Биздин жетекчилер дагы биринчи орунга өз элинин кызыкчылыгын коюшу керек да. Кытай тарап өздөрүнүн жарандарынын кызыкчылыгын ойлоп жатпайбы. Бир жылдан бери ушул маселе менен алышып келатабыз. Кыргыз өз жеринде дагы башкаларга кор болобу? Эгер кытайларды иштете турган болсо, анда кыргыздар базарды кытайларга таштап чыгып кетиш керек болот” деп күйүп олтурушат. Алар “Кербен” базарынын жетекчилигине нааразычылыгы жок экенин да кошумчалашты. Кулбаев тууралуу туура эмес маалыматты бербегенин да айтышты. Ал тургай ошол жерден маалыматты окушуп, туура эмес маалымат жазыптыр, өч алгысы келгендер ушул окуяны пайдалангысы келип жатса керек деген ойлорун билдиришти. Кыргыз бийлиги да өз жарандарынын арманын угуп, алардын келечеги үчүн күйүп койсо неге болбосун?! Базардагы бул окуя сыртынан жеңил көрүнгөнү менен, ичинен быкшып турат. Маселе жакын арада чечилбесе, чоң чырга айланып кетиши мүмкүн. Бийлик өз жарандарынын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу керек. Кытай тарап менен виза берүү маселесин чечип берүүнү колго алуу учурдун талабы болуп турат. Кокус, “Кербен”, “Алкан, “Дордой” базарындагы тирешке кимдир бирөө от жагып жиберсе келип эле кыргыз күнөөлүү болуп чыга келет. Маселени бүгүн чечпесе, эртең кеч болуп калат.

Т.Токтоболотов

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости