www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент партиялык тизмеси аркылуу аркылуу жөндөлүп баштагандан тарта бир топ адам депутат да болуп, ошол эле маалда айрымдары депутаттыктан кетип да үлгүрүп атышат. Дегеним, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Тилектеш Исаев мандатын тапшырып, жылуу ордунан кол жууду. Эми анын ордуна тизме боюнча Канат Керезбеков деген илим изилдөөчү келиши күтүлүүдө. Эсиңиздерге сала кетсек, Канат мырза Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Юридикалык академиянын ректору болуп эмгектенип келген.
Артына камчы салдырбаган жигиттердин бири экени айтылып келет. Ырасында Канат мырза илим жаатында эле ийгиликке жетишпестен, жаш болсо да рефармотор катары кеңири таанымал. Жетекчилигиндеги Юридикалык академияны өлкөбүздүн алдыңкы гана окуу жайы эмес, эл аралык абройго дейре көтөрүп, заманбап билим берүү ситемасы менен айкалыштырганы бар. Ушу тапта келечек ээлери «Мен Юридикалык академиядан билим алам же ошол окуу жайды бүткөм» деп сыймык менен айта алышат. Мындайча айтканда, Керезбеков билим берүү жаатында анык реформа жасап коё алган. Демек балык депутаттардын тизмегине илинбей, калыстыкты айтып карсылдаган эл өкүлдөрүнүн катарын толуктайт деп ишенсек болчудай.
Анүстүнө мыйзамды семичкедей чаккан Керезбеков өңдүү депутаттар мыйзам чыгаруу жаатына суудай керек экенин коомчулук дагы моюндайт. Болбосо чала сабат, ой-зээни тайкы депутаттарды бага берип эл деле жадады. Анан да Канат мырза өзүн көрсөтө турган мезгил келди десек жаңылышпайбыз.
Булак: “Мантыш”