www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Парламент таркашы керек...

Парламент таркашы керек. Мындай демилге ЖКтин өзүндө айтылса, кечээ күнү мындай демилгени өлкө президенти да колдой тургандыгын билдирди. Ал эми бул ансыз да коомчулукта терс пикирлерге бай парламенттин таркап кетиши туурасындагы маселени дагы курчутту. Мындан улам президенттин Жогорку Кеңеш өз милдетин так аткарбай "ушак таратуучу аянтча болуп баратат" деген сөзү колдоо табууда. Мындан тышкары өлкө башчысынын дагы бир катар ууру-кескилердин бети ачылаары туурасындагы билдируусу да заман талабы экендиги айтылууда.

"Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Анда өлкө башчысы кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, «Кыргызстандын бакубатчылыгы ар бир жарандын кайратман эмгеги менен жарала» тургандыгын баса белгиледи.  Президенттин сөзүндө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланышкан бир катар пикирлери айтылды.

Алардын бири бийликтин мыйзам чыгаруучу тармагы болгон парламенттин өз милдетин так аткара албай жаткандыгы туурасында болду. Мында президент кыйроого учураган учакта Атамбаевдерге тийешелүү жүк  бар деген кептер жалган экендингине токтолду.

Президенттин парламентке карата айткан сындары ансыз да нааразычылыгы күч коомчулуктун бул багыттагы кызуу талкуусун жаратты. Албетте өлкө башчысынын мындай билдирүүсү биринчи кезекте ЖК элге иштеген мыйзамдарды кабыл алуучу орган экендигин унутпоосу катары кабыл алынышы зарыл болчу.

Бирок бүгүнкү күндө парламенттин көпчүлүгүн кимдер түзөөрү жана алардын сан-сапаты коомдо сын менен айтылып, түрдүү пикирлер бар экендиги турмуш чындыгы. Мамлекет башчысы өз өзүндө мындан ары дагы далай ууру-кескилердин бети ачылаарын кошумчалап, президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин спикер да, премьер-министр да болбосун билдирди. Өлкө башчысынын бул багыттагы билдирүүсү да саясатчылар жана эл арасында кызуу талкууга түштү. Ал эми айрым эксперттер өлкөдөгү соңку саясий кырдаал мына ушундай билдирүүлөрдүн айтылышына түрткү бергендигин билдиришүүдө.

Каныбек Темиров Нурсултан Пиназаров 7-канал Бишкек

Булак: NazarNews.kg

Кеңири маалыматты төмөнкү тасмадан көрө аласыздар;

Последние новости