www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садык Шер эмне “санаага” малынып...

Депутаттарда принцип деген түшүнүктүн жоктугун билгенибиз менен мынчалык деңгээлде экенин билбептирбиз. Трибунага чыгып, микрофондон күпүлдөп сүйлөп, акыл айтып, кыйкырып-өкүрүп алып, анан мындай чыкканда созулуп, баягынын бири жок, маданияттуу, интелегент көрүнүп чыга келишет. «Атамекенчи» Садык Шер Нияз өткөн жумада УКМК төрагасы менен башпрокрурорго асылып, анысы учун Абдил Сегизбаевден сын угуп, ошону менен тим болбой мага болушпайсың деп төрагага таарынып жаткан.

Анан эле Дача СУдагы кулаган учактагы жүктү Алмазбек Атамбаевдики болушу мүмкүн эмес деп чыга келди. Ал жүктүн кимге тиешелүү экени убакыттын өтүшү ме­нен билинет. Жүк эмес, жети жыл мурун тымызын келген миллиондордун учугу чубала баштады. Миллион эмес, ынкылапты өз кызыкчылыгына колдонуп, ыңкылаптын арты менен басылып алынган мүлктөрдүн да учугу чубала баштады. Айтор Садык мырзанын эки жээкке бир чуркап жатканына караганда бир нерсенин шек-шыбышынан жыт алый калгандай.

Булак: “Мантыш”

Последние новости