www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай үчүн эң чоң көйгөй элинин санынын көптүгү болуп калды. Элин кырып сала албайт, акылга туура келгени элин «экспорттошу» керек. Мындай пикирин жарандык активист Керимов Эркинбек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Кытай кебин какшагандар кийин карайлап калбайлы!

Калкынын саны бир жарым миллиардка чукулдап калган Кытайдын эң негизги саясаты элинин санын кыскартуу болгону баарыбызга маалым. Адегенде бир үй-бүлөдө - бир бала саясатын бычып көрүштү, болгон жок, анткени, көбү кыз бала каалабай боюнда бар кезинде алдырып, эркек болсо калтырып жатышып эркектердин саны көбөйө баштады. Алардын бул саясаты гендердик теңчиликке залакасын тийгизди. Айла жоктон эки балага уруксат беришти. Эми бул темп менен кете беришсе жакын арада калкынын саны эки миллиардга чыгат дегендик. Кытай үчүн эң чоң көйгөй элинин санынын көптүгү болуп калды. Элин кырып сала албайт, акылга туура келгени элин «экспорттошу» керек. Ички көйгөйүн тышкы саясаты менен чечүүдөн башка жолу жок көрүнөт. Акыркы жылдары дүйнөнүн булуң-бурчуна инвестиция кылымыш болуп акырындык менен кытайларды сыртка чыгарып жатышат. Ал тургай чет жерде бизнес кылган же кыла турчу жарандарына пайызсыз кредит берилет деген имиштер да бар. Мунусуна да мейли, алар деле көйгөйүн чечип алайын деп жүрүшөт чыгар.

Алар го алар, биздикилерге эмне жок дейм да. Инвестиция деген сөздү чала түшүнүп алышып же түшүнмөксөңгө салышып, эл менен кошо алышып жүргөнүнө кантесиң?! Эми ойлоп көрсөңөр, бир кытай ишкер Ат-Башынын талаасына акчасын неге сапырат? Башка акча салып иштете турчу жер калбай калыптырбы? Же чындап ошончо пайдалуу проект болсо эмнеге кытайдан башкасы инвестиция кылбайт? Башкасын кой, аркандын аркы учунда акча болсо Нарындык байлар чогулуп же бири кредит ала койуп салып коймок да. Кана?! Демек пайдасы жок. Кытайдын го максаты да, пайдасы да билинип турат, эптеп шаарча салып «china town» кылгысы бар, бир Нарын элинчелик кытайды батырып коюшат аларың. Кыргызды жолотпойт, жолойм деген күнү да ал жерден өзүң качасың, курт-кумурска жеген сасыктар менен ким коңшу болуп жашагысы келсин?! Анан 95% кыргыз иштейт имиш...

Убакыт өтөт, шаарча курулат, ал жер кытайга толот. Бара-бара биздин малчылардын малы жоголо баштайт эшегинен бери. Анысы аз келгенсип аңги кытайларың ылдый айылдын кыздарына көз арта башташат. Эл дүрбүйт, шаарчага барып кытайларга кол салат. Араң турган Кытай өкмөтү элин коргобой эмне болуптур?! Ат-Башыңдын Крым кейпин кийбешине ким кепилдик бере алат. Же эмне Ат-Башы үчүн дегеле Кыргызстан үчүн орустар туруп береби?! Керек болсо казагың туруп бербейт. Бул бир гана жагы, экинчи жагы да бар - коркунучтуу жагы.Кытайда сөз бар имиш; эң мыкты колбашчы он согуштун оноону жеңген эмес, бирөөнү согушпай жеңген колбашчы дешет экен. Аны сыңарындай, булардын тынчылары жер-жерлерде катуу иштеп аткандай сезилет. Кытай басат, Кытай антет, Кытай мынтет деп атып акыры психологиялык жактан даярдалып жаткандайбыз. Кийин Кытай кирип келсе, алар аныста эле келишмек деп туруп берерибиз эле калат. Кудай сактасын.

Узун сөздүн кыскасы, кытайларга орустар айтмакчы «повод» бербешибиз керек, эл шайлаган бийлик эл менен, эл дагы провокацияларга алдырып ашыкча ашып ташпашы керек. Андан көрө тытынып иштеп, Кытайдан карыз албай, Кытайга жерлерди иштет деп берип салбай, Кытай менен коңшу өлкө катары дипломатиялык алака түзүп, соода-сатыгыбызды кылып түз мамиледе болгонубуз оң. Ат-Башы логистикасы боюнча өкмөттө да жөн бар, элде дагы. Бирок эки тараптын дагы азыркы турган турпаты туура эмес. Бийлик билгенин ачык айтсын», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости