www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын кыргызга берген талкуусу социалдык тармакта күч алды. Аттуу-баштуу саясатчылар дүрбөлөңгө түштү.
Мындан бир нече саат мурун, саясатчы Эмилбек Каптагаев, «Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коет. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт. Тилекке каршы, келишим ушундай түзүлүп калган, Кытайдын акысы бар» - деп Акылбек Жапаров бүгүн Санжыра радиосунун Жаргылчак уктуруусунда билдириптир. Бул жөнүндө Гулжан Алтымышбаева Facebook баракчасына жазды.
Чатак! Өтө чоң чатак бул! Эгерде ушул факты чын болсо, анда ошол келишимди даярдаган, ага кол койгон Президент, Премьер-министр, колдогон Өкмөт мүчөлөрү жана адистер, ратификация кылган Жогорку Кеңештин депутаттары токтоосуз түрдө камалып, өмүр бою камакка кесилиши шарт. Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине кыянаттык кылуунун жазасы ушундай болуусу учурдун талабына жооп берет, деп жазып чыкса, жазуучу Чолпонбек Абыкеев, «Мындай келишимге кол койгондор токтоосуз жоопкерчиликке тартылышы керектигин коомчулук талап кылуусу керек. Бул өтө оор кылмыш. «Мамлекеттин бүтүндүгүнө, эгемендүүлүгүнө карата жасалган кылмыш катары каралышы керек» - деп ойлойм. Бул келишим тиешелүү денгээлде каралып укуктук баасы берилбесе келечекте мындан да коркунучтуу келишимдер кабыл алынышы мүмкүн», - деди.
Булак: NazarNews.kg