www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач Улуу Британияда жайыла баштаган коронавирустун жаңы варианты дүйнөнүн 70 өлкөсүндө аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчетунда айтылды.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алты регионунда тең 70 өлкөдө" британдык "вирус табылгандыгы жөнүндө билдиришти", - деп айтылат докладда. Мындан тышкары, Түштүк Африкада табылган коронавирустун жаңы варианты 31 мамлекетте аныкталды.

Маалымат үчүн, "британдык" мутация 2020-жылдын сентябрь айында Англиянын түштүк-чыгышында аныкталган. Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирустун "британдык" версиясы 70 пайызга жугуштуу болушу мүмкүн деп жарыялады.

Түштүк Африка өкмөтү 2020-жылдын 21-декабрында өлкөнүн түштүгүндө октябрь айында коронавирустун жаңы жана агрессивдүү түрү табылгандыгын жарыялаган. 501.V2 вирусу Түштүк Африкада эпидемиянын экинчи толкунун пайда кылып, январь айынын ортосунда туу чокусуна жеткен. Алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөр коронавирустун бул түрү өтө кеңири жайылгандыгын көрсөттү.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости