www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“А'Студио” тобунун солисти Кети Топуриянын рэп ырчысы Алейсей Долматов менен болгон романы күйөрмандары үчүн күтүүсүз жаңылык болду.

Орус ЖМКларынын маалыматы боюнча, Кети менен Алейсей Самуиде бирге эс алып, бир самолётто учуп келип, бажы контролунун зонасында алар өз-өзүнчө кетишкенин кабарлашкан. Учурда жаштар былтыркы жылдан тарта эле сүйүү мамилелерин куруп жүрүшкөндүгү тууралуу ушак-кептер таркоодо. Алар “CENTR” менен “А'Студио” “Далеко” аттуу ырынын үстүндө иштеп жатканда таанышышкан. Ошондон тарта Кети менен Алексейдин ортосунда сезим пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин сүйүү романын куруп келишкен. Бул тууралуу Кети: “Жолдошум менен ажыраша элекмин. Алейсей менен көп убакыттан бери доспуз. Биздин мамилелерибиз абдан жакшы, биз сүйлөшүп турабыз. Биз Самуиде бирге эс алган эмеспиз, сүрөттөгү мен эмесмин” деп комментарий берген.

Эскерте кетсек, Кети 2013-жылы бизнесмен Льва Гейхманга турмушка чыгып, 2015-жылы кыздуу болушкан.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости