www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сирияда режим күчтөрүнүн курчоосу астындагы Хомстун борборундагы Ваер районунан чыгарылган 1354 жаран Жераблустагы чатыр шаарчага жеткирилди.
Кечээ түш чендеринде Ваер районунан чыккан жана бүгүн таңга маал Халебдин Баб районуна жеткен 32 автобустан турган конвой ал жерден дагы 12 сааттык жол жүрүп Жераблуска жетти.
Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан Жераблуска караштуу Амерне айылында курулган чатырларга жайгаштырылган жарандардын биринчи баскычта негизги муктаждыктары камсыздалды.
Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгынын Газиантептеги облустук директору Синан Атакан, Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматында 12 дөнүмдүк аянтка 306 үй-бүлө үчүн 230 чатыр кургандарын айтты.
Башка жарандардын да келүү ыктымалдуулугуна карата аймакка дагы 100 чатыр кургандарын белгилеген Атахан, буларды айтты: «Келген үй-бүлөлөр үчүн бардык даярдыктарыбызды бүтүрдүк жана чатырларыбызды курдук. Чатырлардын ичине одеял жана төшөктөрүн койдук. Ар бир үй-бүлөгө бирден ашкана жана гигиена комплектисин бердик. Булар менен бирге аларга суу, кургак тамак-аш жана башка азыктарды таратылды. Айрыкча саламаттык сактоо кызматерлерибиз балдарды эмдеп жатат. Арасындагы оорукчан жана жаралуулардын ооруканага жеткирилиши камсыздалды».
Булак: "trt.net.tr"