www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын экологиялык милициясы байчечекей терип саткан үч жаранга карата кылмыш ишин козгоду. Алар «сейрек кездешкен өсүмдүктү жок кылууга» айыпталып жатышат. Сурак маалында кармалгандар байчечекей терүүгө жакырдык жана жумушсуздуктун айынан баргандыктарын айтышкан.

Байчечекей гүлү Тажикстанда февралдын ортосунда пайда болот. Өлкөнүн айрым жашоочулары жапайы өскөн гүлдөрдү терип, базарларда же жол жээктеринде сатышат. Гүлдестенин бирөөсүнүн баасы 5 сомонини түзөт.

Экологиялык милициянын маалыматы боюнча жыл өткөн сайын бул «бизнеске» аралашкандар көбөйүп, сейрек кездешкен гүлдөрдүн жоголуп кетүү коркунучу өсүүдө.

Өлкөнүн Айлана чөйрөнү коргоо комитетинин маалыматына караганда, акыркы жылдары Нооруз майрамынын популярдуулугу артып, андан улам жапайы өскөн гүлдөрдү мыйзамсыз терүү менен алектенген жарандардын саны көбөйүүдө.

Мекеме кызматкерлери рейддерди өткөрүп, кармалгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турганы менен ал көп натыйжа бербейт. Гүл тергендердин көбү балдар же өспүрүмдөр болгондуктан аларга карата административдик чараларды көрүү кыйынга турат. Кармалган балдардын көбү тапкан акчага үй-бүлөсү үчүн нан сатып ала тургандыктарын айтышат.

Байчечекей жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүк катары Тажикстанда Кызыл китепке киргизилген жана аны атайын уруксатсыз терүүгө тыюу салынган. Кызыл китептеги өсүмдүктү мыйзамсыз үзүү үчүн 500 сомониден 5 миң сомониге чейин айып пул каралган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости