www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль 2015 - жылы басып алган Батыш Шериадагы эки еврей отурукташуучу жана америкалык бир туристти өлтүрүү менен күнөөлөнгөн бир палестиналыкты 396 жыл абак жазасына тартты.
Израилдин «Едиот Ахронот» гезитинин маалыматына караганда Батыш Шериадагы Офра аскердик соту Иерусалимдин түштүгүндөгү Алон Швут отурукташуу жерине жакын жерде эки еврей отурукташуучу менен америкалык бир туристти өлтүрүү менен күнөөлөнгөн Мухаммед Ел – Хурубга төрт жолу түбөлүк абак жазасын берди.
Аскердик сот Ел – Хурубдун айрыкча каза болгондордун үй – бүлөлөрүнө 750 миң Израиль шекели тактап айтканда 200 миң доллар компенсация төлөшүнө токтом чыгарды. Израиль армиясы январь айында жарыялаган отчетто еврей отурукташуучулардан барган кол салуу арыздануулары боюнча 2015 - жылдын октябрь айынан өткөн жылдын акырына чейин 3 миң 369 палестиналыктын байкоого алынгандыгын билдирген болчу.
Булак: "trt.net.tr"