www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия тараптан аннексияланган Крымдын Симферополь шаарында «Азаттык радиосунун» «Крым.Реалии» долбоорунун авторлорунун бири, журналист Николай Семенанын соттук иши каралып баштайт. Ал макалаларында «Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасаган» деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча Николай Семена украин тараптын Крымды блокадага алгандыгы тууралуу макаласында Орусиянын мыйзамдарын сактаган эмес. Тергөөчүлөр Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктарынын артында Крымды Украинага кайтарып берүү тууралуу сөздөр турушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

ФСБдагы суракта Николай Семена материалдарында «өз пикирин эркин айтуу» укугун пайдаланганын билдирген.

Семенага каршы кылмыш иши өткөн жылдын жазында козголуп, анын жарым аралдан чыгуусуна тыюу салынган. Февралда өткөн алдын ала отурумда журналисттин жактоочудары лингвистикалык экспертиза туура эмес жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

Кошмо Штаттар, Европа биримдиги, эл аралык укук коргоо жана журналисттик уюмдар Орусияны Семенага карата кылмыш ишин токтотуп, Крымдагы бардык саясий туткундарды бошотууга чакырууда.

Булак: "centralasian.org"

Следующий >

Последние новости