www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Клара Сооронкулова: “Мындан ары эч кандай чара көрбөйм”

Сот менин Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын канааттандыруудан баш тартты. Мындан ары эч кандай чара көрбөйм. Бул тууралуу Президенттик кызматка талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган Клара Сооронкулова “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Мен шайлоо жараянындагы маселелерди укуктук негизде талашып, сотко кайрылгам. Шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганыбыз менен укуктук жактан көп мыйзам бузулду, көп нерселерге Борбордук шайлоо комиссиясы көз жумуп койду дегем. Бирок сот менин Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын канааттандыруудан баш тартты. Мындан ары эч кандай чара дагы  көрбөйм. Азыркы президент  Садыр Жапаров менен кызматташпайм. Жапаров деле мени кызматка чакырбайт”, - дейт Сооронкулова.

Кошумчалай кетсек, 10-январда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан 17 кишинин арасында Клара Сооронкулова жалгыз аял талапкер болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы расмий маалыматына караганда, ал шайлоочулардын 1% добушун алып, жетинчи орунду ээлеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости