www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалганын УКМКдан билдиришти.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин каржылоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Барон» каймана аттуу жаранды жана Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Юну кармады.
Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого цыгандардын үй-бүлө башчысы «Барон» каймана аты менен белгилүү болгон Д.Л.К. жана анын жакындары катышканы аныкталды. Аталган жаран ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын Чүй облусунан Казакстан жана Орусиянын аймагына ташуу менен алектенген. Наркобизнестен алынган пайданы аталган үй-бүлө, мех буюмдарын сатуу, Германиядан жана АКШдан унааларды ташууга жамынып, жашырышкан.
Аталган кылмыш ишинин алкагында Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси уланууда.