www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында чыккан ири өрт кырсыгын талдоо жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет.

Комиссияны министрдин орун басары Эрнест Жусупов жетектейт. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери, көп кабаттуу үйдүн суу гидранттары жана башка өрт коопсуздугунун талаптары каралууда.

Эске салсак, Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден 8 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, штаб чыккан.

Последние новости