www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кыштын чындап кыйын болорун эми сезип жатат. Ал эми Энергетика министри Таалайбек Ибраев болсо, күн санап күчөп жаткан кризисти "жөнгө салуучу чаралар" деп сүрөттөп, элден сабыр жана үнөмдүүлүк талап кылууда. Бирок министрдин мындай билдирүүлөрү коомчулукту ынандырмак турсун, жоопкерчиликтен качуунун амалындай сезилүүдө.

Эмне үчүн бүгүнкү күндө орун алып жаткан өчүрүүлөргө эл нааразы болуп жатат? Анткени кыш али келе элек. Бирок Бишкекте, Чүйдө, Нарында свет күндө эки сааттап өчүп, суу чыкпай калууда. Насостор иштебей, турмуш токтоп калды. Жарык, суу, жылуулук жок, кышта эл кандай күндү көрөт деген суроо жоопсуз турат.

Эл электр энергиясын үнөмдөп жатат. Бирок министрлик эмне кылды? Коңшу мамлекеттерден жарык сатып алууга үмүт артылууда. Бирок кыш катуу болсо, алар да электр энергиясын берүүдө чектөөлөргө барат. Анда эмне болот? Жооп жок.

Ошондуктан, бүгүнкү электр жарыгына болгон өчүрүүлөр кышка даярдык эмес, энергетикалык башкаруудагы өксүктүн ачык белгиси. Министр Ибраев элге кайрылуудан мурда, өзүнүн ырааттуу иш алып бара албаганын моюнга алышы керек. Болбосо, бул кыш эл үчүн гана эмес, өкмөт үчүн да өтө оор болушу мүмкүн.

Последние новости