www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда боксчу Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун кыргыздарды кемисинтип жаткан видеосу тараган.
Ички иштер министрлиги аталган видео боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги интернет тармагында аял киши унаа айдап бара жатып, ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеонун таркап кетишине байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Мындай аракеттерге жол берилгис жана улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет. Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү.
Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды бири-бирине урмат-сый мамиле кылууга, өзгөчө коомдук мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.