www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз парламентаризмди коргойм деп ач-айкырык салымыш болуп жатып, элчиликти соодалашып кетти эле. Андан бери 4 жылдан ашты. Мөөнөтү деле аяктап, кызматтын тапшырып бере турган жерде эле. Бирок эмнегедир, элчилик атасынан мураска калгандай, жумурткадай басып отурат. 

Арийне, кезинде “мага кызматтын, байлыктын кереги жок, мен баарын көргөм, мен идея үчүн күрөшөм” деп бакылдап жатып эле, Францияга элчилик ачылганда парламентаризм деп “оозунан ак көбүк, төбөсүнөн көк буу чыкканын” эсинен чыгарып, айткан сөзүн унутуп, кресло көзүнөн учуп чуркап жөнөгөн кылыгы аркылуу сөзү менен кылган иши айкашпай турганын айгинелеген. 

Мына андан бери элчи катары Кыргызстанга кандай инвестиция тартты? Өлкөгө жарагы тийдиби? Эмне жаңылык алып келди? Мунун баары жообу жок, бүдөмүк. Арийне айтайын дегенибиз, эл көзүнө курулай мекенчил көрүнгөндөр, позиция, идея үчүн күрөштө сыйгалак болушарын Садык Шер-Нияздын жоругу далилдеди. Ал түгүл лакап болуп далай айтылат го.

Последние новости