www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрдан соң ноябрды ээрчите келет. Ноябрь айы кыштын келе жатканын кабарлап, суук тартып бараткан ай. Мурунку кыргыз элинде ноябрь айында күн кадимкидей ызгаарлуу суукка айланчу экен. Кыргыз элинин учун кур койбоптур, Эсенбай эсепчи сыяктуу жылдыздарды карап, аба-ырайын так аныктаган адамдар болгон. Кээ бир адамдардын оюнча кыргыз элине эсепчилердин эмне кереги бар деген ой кыпчылып турат. Алар мурунку кыргыздарды азыркыдай шайма-шай маалыматтык бийиктиктен карашат. Ооба, телеберүү, үн алгыдан, ал эмес кол телефонду бурап койсо  аба-ырайы тууралуу алдын-ала үч-күндү сайрап турат. Мурун кыргыз элинде ушундай мүмкүнчүлүк бар беле? Ал кезде синоптик, метеоролог дегендер болгон эмес. Бир аймакта болсо бир эсепчи болгондур. Ошол эсепчи гана эсептеп аба-ырайын айткан. Эсепчи да жаңылган, кокус эсепчинин айтканы туура чыкпаса "Эсепчини жут алат" дешип ага көп ишене берген эмес. Ал эми дайыма айткандары дал келген эсепчилер да болгон, аларды бүт кыргыз эли сыйлашып, алыстан ат арытып келишип анын айткандарына саресеп салышкан.

Ушундай айтканы төп келген эсепчилердин бири Кочкор аймагындагы Мантышта 1850-жылы туулуп, ушул эле аймактагы Каройго 1941-жылы сөөгү коюлган Эсенбай эсепчи деген жашап өткөн. Ал кезде алдын-аланы көрбөй чайналып турган кыргыздар үчүн Эсенбай эсепчи бел болгон. Ал жылдыздарды карап, эсептеп отуруп бир жыл алдын-ала айткан. Боло турган кыштын катуу болорун, жаздын узакка созулуп жутка айланарын жылдыздар аркылуу аныктаган. Эсенбай эсепчиге жылдын кандай болорун билүү максатында алыстан адамдар келишип, аны алып кетишип, өз аймагындагы жерлерде быйыл кыш кандай болорун аныктап алышкан.

Мындан кылым мурун кыргыз элинде аба ырайын так биле турган аспаптар болгон эмес. Ошондуктан, жылдыздарды карап келе жаткан аба-ырайын билүүгө умтулушкан эсепчилер болгон. Ошолордун бири Эсенбай эсепчи тууралуу сөз кыла кетели. Бир учурда калмактар күчкө толуп, кыргыз элин Анжианга чейин сүрүп салган. Он сегизинчи кылымдын аягында Кытай аскерлери Кытай менен кыргыздардын ортосундагы чалкыган жерди ээлеп турган Жунгар мамлекетин жер менен жексен кылат. Бешиктеги балдардан бели бекчейген абышка-кемпирлерге ченйин кырып, бул мезгилге чейин Борбор Азияны титиретип келген Жунгар мамлекети көз ачып жумгуча жок болот. Жунгар мамлекетине таянып кыргыз, казактарга зордук-зомбулук кылып келген калмактар негизги таяныч күчүнөн ажырап, Анжиянда тентип кеткен кыргыздар баш көтөрүп, Ала-Тоодогу калмактарды сүрүп чыга баштайт. Бирок, кечээ эле кыргыз эли менен биримдикте жашап келаткан казактар жер талашып кыргыздарга кол сала баштайт. Ушундай оор чабыштардын биринде казак ханы Абылай кыргыз жерине басып кирип Чүйдө жашап жаткан Жайыл элин кырып, колго түшкөндөрүн, ичкери азыркы Казакстанга көчүрүп кетет.

"Жайыл кыргыны" деп эл оозунда калып калган ааламатта Эсенбайдын бабасы Карагул баатыр казактар менен жан аяшпай салгылашып, Шамшынын белине жакын булактын жаныда каза болуптур. Анын баатырдыгын эскерип, ошол жердеги эл булактын атын "Карагул-Булак" дешип ушул күнгө чейин атап келишет. Карагулдун кызы Үкүдөн учурунда казак-кыргызга аты чыгып, Орусия менен кошулганда, азыркы кыргыз чегин сактап калган Шамен туулат. Ошол Анжиандан көчүп келгенде Карагул баатырдын эли азыркы Воронцовкада  Боз-Бөлтөк тоосунун боорунда жашайт. Балким, анын балдары Качыбек, Орус, неберлери Кудаяр, Таштанбек, Кубат ушул жерде Чүйдүн боорунда туулса керек. Кайсы жылдары экени тактала элек, кийин Бос-Бөлтөктү солто элине таштап, Карагулдун эли Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жер которуп кетишет. 1860-жылдары Орусия менен кармашта Эсенбайдын эли жеңилип, Ысык-Көлдү таштап Кочкорго көчүп кетүүгө мажбур болот. Кудаяр уулу Эсенбайдын кайсы жерде туулганы белгисиз, бирок анын эсеби боюнча 1850-жылдары жарык дүйнөгө келет. Баласы Келдибектин айтуусунда анын балалыгы кармаш убагында өтүп, нечендеген күлгүн жигиттер каза болгон кезге туш келет. Эсенбай эсепчи 1941-жылдары жүзгө таяп, согуш мезгилинде тиги дүйнөгө узайт. Жетинин айынын 15 жарыгы «чил арыш маалы», 15 караңгысы «токту тойбос, чөмүч кургабас маал» аталат. Ноябрь айы он үчүнөн тогойт.

"Эсенбай эсепчи" китебинен

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости