www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беловодскийдеги балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде бүгүн, 29-ноябрда, Япония Өкмөтү тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган атайын жабдууларды тапшыруу аземи өттү.
Салтанаттуу иш-чарада КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэдага майыптыгы бар адамдарга багытталган колдоолорду көрсөтүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз, жигердүү кызматташуу улана беришине ишенээрин айтты.

“Биз социалдык стационардык мекемелерде мамлекеттин камкордугуна алынган адамдардын жашоо шартын жакшыртууга дайыма аракет жасайбыз. Андан тышкары, быйылкы жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилүүчү санаториялык жолдомолорду 4 эсеге, ал эми майыптык арабаларды 3 эсеге көбөйттүк. Келээрки жылы мамлекеттик кызматтарды алууга электрондук кезек киргизилет. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар социалдык кызматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк түзөт”, - дейт У.Кочкоров.

Жабдуулар “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” гранттык программанын алкагында алынды.

Элчи Сигэки Маэданын айтымында, аталган долбоор Кыргыз Республикасында 1996-жылдан бери ишке ашууда. Бул мезгил аралыгында жалпы суммасы 10580648 АКШ долларын түзгөн 155 долбоор ишке ашкан.

Последние новости