www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бүгүн, 29-ноябрда Түркиянын Башкы прокуратурасы тарабынан берилген маалыматтарга таянып, Стамбулда атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектүүлөрдүн аты-жөндөрүн жарыялады. Түркиянын берген маалыматтарына ылайык, аталган кылмышка шектелип төмөнкү 4 адам кармалган. Булардын ичинен экөөсү өздөрүн “Кыргызстандын жарандарыбыз” деп айтышкан. Бирөө өзбекстандык, дагы бири өзүн сириялыкмын деп көрсөтүшүүдө. Бирок, эч кимисинин жанында алардын айткандарын ырастоочу документтери жок болгондуктан, түрк прокуратурасы булар өздөрү тууралуу маалыматтарды жашырып жатышы толук мүмкүн деп эсептейт. Ошондуктан бул кылмышка шектүүлөр тууралуу такталган акыркы маалымат катары кабылдабашыбыз керек.    

1.Хусейин Ахметалиев, 1991-жылдын 18-ноябрында туулган. Өзүн Кыргызстандын жаранымын, Ош шаарында туулгам деп тааныштырган;

2. Нормахамат Арипхонов, 1988-жылдын 11-июнунда туулган. Өзүн Кыргызстандын жараны катары тааныштырган;

3. Али Исбех, 1993-жылдын 1-январында туулган. Сириянын Идлип шаарынан болом деген;

4. Абдуллах Энвер, Сириянын Алеппо шаарында 1994-жылдын 1-январында туулган. Өзүнүн айтымында, Өзбекстандын атуулу.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы белгилегендей, аталган эки кылмышка шектүү “кыргызстандык” боюнча тактоо үчүн УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 10-ноябрь күнү Стамбулдагы кафелердин биринде белгисиз кылмышкерлер ишкер Айеркен Саимаитини андагы элдердин көзүнчө эле атып кетишкен. Саимаитини ысымы Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар менен тыгыз байланыштуу. Бул тууралуу “Азаттыктык” май айындагы илктөөсүнөн кийин коомчулукка белгилүү болгон. Ага чейин былтыр, 2018-жылы учурдагы Англиядагы элчи Эдил Байсалов бул ишкер тууралуу айтып чыккан болчу. Бирок, анда анын аты мынчалык белгилүү болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости