www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбыза белгилүү болгондой 25-ноябрда аянтта коррупцияга каршы митинг болуп өттү. Жыйынга келген жаштардын көпчүлүгү митингдин максаты тууралуу деле билген жок. Болгону Райымбек Матримовдун аты гана айтылып, эфирде бир гана жигит болду. Атайын активисттер барганы менен аларды ит келдиби куш келдиби кылышкан жок. Митингдин соңунда резалюция кабыл алынмак тургай, резалюцияны эч кими эстебеди. Килтейген барктуу окуу жайдын студенттери менен «элиталардын» резалюцияга башы жеткен жок, буларга караганда Мээрбек Мискенбаев ачуу сын айтмак.

Деги койчу, атайын иликтөөдөн кийин аттуу-баштуу инсандар «Азаттыкка» сын айтып, иликтөөнү колдогон жок. Маркум Саймаити болсо иликтөөдөгү 700 млн доллар Ѳзбекстандын акчасы экенин айтып көз жумуп кете берди. Ал эми ЖК депутаты Исхак Масалиев, «Капа болбогула журналисттер, (ред. «Азаттыктын» журналисттерине кайрылып атат) силер өз кезегинде тишиңерди коммунисттерге курчуткансыңар. «Азаттык», «Демократия» – деген ураан менен коммунисттерди жамандап, демократияны алып келгенге чоң салым кошконсуңар. Азыр жыргап жашап атабыз да, силер да жыргап атасыңар. Бирок, силер көз каранды болуп калгансыңар. Анткени мурдагы президент силер менен жакшынакай достук мамилени түзгөн. Ага көз каранды болгондой мамилеңер бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, бул көрүнуп эле турат. Алмазбек Атамбаев болобу же Раим Матраимов болобу эч кимдин аттарын атабастан, мындай-тигиндей маселе бар десеңер, калыстык сактаган болмоксуңар силер. Мен иликтөөгө 90% кошулам. Бирок, тактаган нерсенин жыйынтыгы башка болуп атат да. Өзбекстандан келген акча деп өзүңөр айтып атасыңар. Ошол эле учурда 700 млн. АКШ доллары Кыргызстандан чыкты деп атасыңар. Ал биздин акча эмес да! – деди.

Ал эми бүгүн «Жаңы ОРДО» гезити “Азаттыктын” иликтөөсүнө мыйыгы менен күлдү. Төмөнкү шилтемеде толугу менен https://www.nazarnews.kg/.

Ошентип так ушул таптарда кыргыз элине Райымбек Матраимов жөө жомокко айланып, уламыштар айтылып, анегдоттор жазыла баштады.

А баса, бир нече сааттардан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, зериккенде семичкени  “оптом” чаккан,  депутат болгон маалында жыйындар залында уктап калып элдин эсинде калган Ширин Айтматова Райымбек Матраимовго кайрадан “сүйүүсүн” арнаган тасмасын чыгарат деп уктук...

Күтө туралычы...мүмкүн Ширин айымдын тасмасы шыйракты бөйрөккө киргизет...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости