www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каякта төрөлгөнүңдү билбейм. Качан төрөлгөнүң да маанилүү эмес. Мага бала болуп келишиңден баштап Кудайга мен жооп берем... Тагдырдын буйругу менен Беловодскийдеги балдар үйүнө барып калдым. Ал жерде Кудайдын эрке пенделери жашайт... Себеби, баары акыл-эси кем төрөлгөндөр. Жетекчиси абдан сонун эже экен. Светлана Такырбашева эжем менен таанышып калдым. Оорулуу балдардын арасында эки татынакай таза балдар бар. Бири кыргыз бири орус дейт. Чакырсаңыз десем Артём экөңөрдү жетелеп келишти. Ошол күн азыр да эсимде. Эжейден мага бериңизчи? Мен багып алам дедим. Сүйүнүп кетти. Мен да абдан сүйүндүм. Кудум бейишке кирип бараткандай экөөңдү жетелеп үйүмө кубанычтан ыйлап кирип келдим. Чындап кубандым. Аялым болсо таң калып эле калды. Апенди чалыш кыялыма көнүп калган. Балалуу болдук. Бүгүнтөн баштап булар биздин балдарыбыз дедим. Жуунтуп тазалап,кийимдерин которуп бала кылып алдык. Анан документин азабын тарттык... Комиссия жиберебиз деди. Үйүбүздү, алган айлык тапкан кирешебизди,каныбызды,жаныбызды, баарын текшерет экен.Бюрократия...туура жагы да бар. Бирок, туура эмес жагы андан көп экен... Мен дагы ээрди тескери токудум да Нарынга атама бардым. Атамды салып келип акимиатта ээрчишип жүрдүк. Малы толтура деген справкабыз бар. Айылда чоң үй бар. Эки бала эмес балдар үйүңөр толук батат. Баргыла деп койобуз. Ошону менен бакканга толук шарты бар деп бизге беришти. Атам экөөбүз чоң иш жасадык деп кубанып кеттик. Ошентип бир кыргыз бир орус уулдуу болуп калдым. Көз ачып жумганча зыңкыйган мырзалар болушту. Артём байкуштун өмүрү кыска экен...туугандарын тапкан кезде Кара-колдон каза болуп калды... Светлана эже экөбүз ыйлап кала бердик. Ал эми Элбек болсо агасы экөө Москвада иштеп жүрүшөт. Менин улуу балдарым Жаныбек менен Жалынбек болуп чогуу өскөн үчүн бир тууган болуп калды. Азыр эч ким баккан бала деп айтпайт. Бирок, асыранды баланы айылчы аял чыгарат болбосун деп баарын өзүм ачык айтам. Өзүңдүн төрөгөн энең бар экенин угуп эки күн бою көлдү айланып издегенибиз эсиңдедир... Араңдан зорго алыскы айылдагы сарайдан таап жолуктук. Сени таштап кеткен менен эне жүрөгү деген кыйын экен. Сенин зыңкыйган бала болгонуңду көрүп алып кандай буркурап ыйлады эле...Бейиш так ошол энеңдин таман алдында. Сени жарыкчылыкка алып келгени үчүн ошол апаңды сыйла. Тапкан акчаңдан салып тур. Сени таштап кеткени үчүн апаңды эч качан күнөөлөбө балам. Ал эже деле карайлап калганда турмуштун азабын тартып бага турган шарты жок болгон үчүн таштай качканын айтып берди эле го. Эне эч качан баласын таштабайт. Ага атаң күнөөлүү. Татыктуу бакса,мээримин төксө энең сени татынакай тарбиялап алмак... Эркектер эркек деген атка татыктуу боло албай жаткан учур көп. Тагдыр деген ушундай экен. Ошондуктан энеңди кечирип, эч качан кек сактаба. Энеңди колуңдан келишинче мээрим төгүп кара.Айлыгыңды алган сайын 1000 рубль болсо да салып тур. Эне үчүн кандай дем болот. Сен үчүн ар дайым дуа кылып, сенин бактыңды тилеп отурат. Сен акылдуусуң уулум... Сен эми татыктуу ата бол уулум. Алыста жүрөсүң. Тартиптүү бол. Намазыңды калтырбай оку. Кудайга көп шүгүр келтир. Көп баскан аяк бок басат дейт кыргыз. Ыгы жок убакыт коротуп көп баспа. Арак менен тамекиге жолобо. Дос деп эле ар кимди ээрчий бербе. Адам чөйрөсүндөгү адамдарга түздөнөт. Жакшы адамдар менен достошконго аракет кыл. Сен бул куттуктоомду сөзсүз окуйсуң. Ошого сага баарын ачык жазып жатам. Мен сени абдан жакшы көрөм уулум. Себеби, сени Кудайдан бейиш үмүт кылып баккам... Сага узун-өмүр, чың ден-соолук,бекем ыйман жана бактылуу турмуш тилейм. Колуңда болуп бапырап байыган кезде Светлана эже баш болгон эжейлериңди унутпа.

Сен чын жүрөктөн жакшы көргөн атаң Жамалбек Ырсалиев.

Последние новости