www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимов УКМКдан чыкты

Райым Матраимов УКМКга бүгүн күбө катары чакырылган. Ага журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суроолор берилери айтылган. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов УКМКдан чыкканын Спутник жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-ноябрда, саат 14.00дөр чамасында Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына сурак берүү үчүн кирип кеткен. Ал алты саатка чукул сурак берип, сыртка чыкканда аны күтүп турган журналисттерге комментарий берген жок, деп жазат Спутник сайты. 

Эске сала кетсек, Матраимовдун УКМК чакырылышына себеп атайын иликтөө болгон. Иликтөөнү аттуу-баштуу саясатчылар терс пикриге алышып, ЖК депутаты Исхак Масалиев, «Капа болбогула журналисттер, (ред. «Азаттыктын» журналисттерине кайрылып атат) силер өз кезегинде тишиңерди коммунисттерге курчуткансыңар. «Азаттык», «Демократия» – деген ураан менен коммунисттерди жамандап, демократияны алып келгенге чоң салым кошконсуңар. Азыр жыргап жашап атабыз да, силер да жыргап атасыңар. Бирок, силер көз каранды болуп калгансыңар. Анткени мурдагы президент силер менен жакшынакай достук мамилени түзгөн. Ага көз каранды болгондой мамилеңер бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, бул көрүнүп эле турат. Алмазбек Атамбаев болобу же Раим Матраимов болобу эч кимдин аттарын атабастан, мындай-тигиндей маселе бар десеңер, калыстык сактаган болмоксуңар силер. Мен иликтөөгө 90% кошулам. Бирок, тактаган нерсенин жыйынтыгы башка болуп атат да. Өзбекстандан келген акча деп өзүңөр айтып атасыңар. Ошол эле учурда 700 млн. АКШ доллары Кыргызстандан чыкты деп атасыңар. Ал биздин акча эмес да! – деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости