www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай чечим “Улуттук энергохолдингдин” башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров баштаган кыргызстандык делегациянын Японияда болгон иш-сапарынын алкагында ири энергетикалык компанияларынын жана корпорацияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларынан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын расмий сайты маалымат таратты.

Андагы маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-20-ноябрь күндөрү өткөн иш сапарынын жүрүшүндө Япониянын «Toshiba Energy Systems and Solutions», «Toshiba Plant System», «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» и «Икагава электрик» сыяктуу ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлгөн.

Жолугушууда, чакан ГЭСтерди куруу, атап айтканда, эки тараптуу кызматташуунун келечеги, электротехникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери (чубалгылар продукциясы жана эсептөө приборлору ж.б), талкууланды.

Ошондой эле “Улуттук энергохолдингдин” башкармалыгынын төрагасы Япониянын ГЭСтеринин жана компанияларынын өндүрүштүк объектилеринин иши менен таанышып чыкты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Япониянын эл аралык кызматашуу агенттиги (JICA) аркылуу (Папан, Киров жана Кара-Көл ГЭС) чакан ГЭСтерди курууга инвестициялык долбоорлордун мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу келишими, ошондой эле япон тараптын изилдөөлөрү үчүн кыргыз тараптан жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча долбоорлор сунушталуу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жеенбековдун 20-24-октябрь күндөрү Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнун ортосунда эки тараптуу экономикалык өнүгүү кызматташтыгы боюнча келишим ишке ашкан, анын ичинде энергетика тармагын өнүктүрүү да каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости