www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«25-ноябрдагы митинг мандемдүү акция десе ишенбейсиңер. Тиги Дастан Бекешев коррупция менен күрөшүп бүтүптүрбү? Бат эле дымы чыкпай калды го?, деген пикирин айтып Темирлан Ормуков ЖК депутаты Дастанбек Бекешовдун короосуна таш ыргытып, ыр дестесин сунду.

Күрөшүп бүтүп болгонбу,
Коррупцияны жойгонбу?
Үндөбөй калды бат эле,
Алчусун алып койгонбу?

Көп жерге Дастан угулдуң,
Кой десе болбой жулундуң.
Ооз басырык өндүрүп,
Айтчы канча сугундуң?

Тогуз жыл жатып үргүлөп,
Айгайлап чыктың дүңгүрөп.
Амалың сенин зор Дастан,
Айласыз элди күлдүрөт.

Калп эле элди үндөбөй,
Койсоң болмок сүйлөбөй.
Капчыкка тыйын түшкөндө,
Калдыңбы Дастан үндөбөй.

Митингке чыккан баарыңды,
Эл көрүп билип таанылды.
Кайраным Дастан ачык айт,
Канчага бастың жаагыңды? – деген ырын арнады. «Чычалак» депутат, Дастанбек Бекешов активист Темирлан Ормуковдун ыр сабына кандай жооп берет күтө туралы… «Анда Током» деп акындар ырдагандай, «Анда Дастаке» комуздун коштоосу менен үн созуп коюңуз…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости