www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Делегация башчылары тар жана кеңейтилген курамда өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берерин белгиледи. Системалуу саясий диалогду беш тараптуу форматта өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардыгынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн бирдей эске алууну кубаттаарын өзгөчө белгиледи.

Борбордук Азиядагы суу ресурстарын чогултуу үчүн өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Жыйындын жыйынтыктары боюнча Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунун биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевге Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун ардактуу төрагасы статусу ыйгарылды.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Аралды куткаруу эл аралык фондунун президенти болуп шайланды.

Экинчи Консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту жана өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтык келечегин талкуулады.

Ошондой Президент Сооронбай Жээнбеков делегация башчылары менен бирге Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл коюу аземине жана «Куксарой» резиденциясынын Ардактуу коноктор аллеясында бак отургузууга катышты.

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Ташкент шаарындагы экинчи Консультативдик жолугушуусуна Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев жана Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев катышышты.

Последние новости