www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өткөн Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйынында айтылды.
Анда жарандык активист Адилет Мыктыбек Жаштар бул окуя тууралуу сүйлөгөндөн чочулап жатышканы, себеби, сүйлөгөндөргө кысым, куугунтук дагы деле токтой электигин жана мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлер жарадар болгон балдарды кабыл албай, жеке клиниканын дарыгерлерин алып келип окторун алдырганы тууралуу айтты.
Белгилей кетсек, Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев кирген.
Булак: NazarNews.kg