www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Кожобек Рыспаев деген "элита" бар. Кечээ парламентте мектепке хиджаб кийинип келген кыздар тууралуу талкуу болгондо оюн аягына чейин айта албай, коомчулуктун уур-тепкисинде калды эле. Анда ал билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнө хиджабга мамилеңиз кандай? – дегиче эле микрофону өчүп ошону менен ою дагы кыркылган.

Андан кийин интернетте дароо аны Ислам дининин баалуулуктарынын душманы катары көргөн топтор пайда боло калып, “чочко, акмак” – деп сөгүп алгандар дагы чекеден чыкты. Албетте, салттуу Исламда андай кимдир бирөөнүн жеке намысына шек келтиргендер жокко эсе, алар баягы эле ашынган радикалдык Исламдын мүчөлөрү экендигинен шек жок. Алар сөздү көтөрө албаган ошондой бир жандыктар. Мейли эми анысы. Ошентип бүгүн “уур токмокко” алынган депутат Рыспаев актанып, “хиджабга оюм түз, өзүм беш маал, жума намаз окуп турам” – деп тимеле актанганы актанган. Анын айтымында, ага тырсыйтып, киндигин көрсөтүп жүргөн кыз-келиндер жакпайт экен. Ооба, ал кимге эле жаксын деңизчи. Бирок, эмнеге өз оюнан коркот деген бир ой келет. Бир эки радикал чечек жүз фейк аккаунт ачып, коркутуп койсо оюнан тана береби эл өкүлдөрү.

Негизи чындыгында Кыргызстан салттуу Исламга басым жасашы керек, жасап деле келе жатат. Ал жерде адамды эч ким жаман нерсеге үндөбөйт. Бирок, ошол эле учурда салттуу Исламды жамынып алган радикалдык көз караштагы эргулдарды тизгиндеп туруу зарыл.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости