www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орустун чыгаан акыны Н. А. Некрасовдун «Кому жить на Руси хорошо?» деген жакшы бир поэмасы бар. Ал поэмада ошол кездеги Россиядагы помещиктердин жыргал жашоосу сүрөттөлөт. Анын сыңарындай азыр Кыргызстанда эң жыргал жашоо кимде? Парламентте. Алар олчойгон статусуна таянып ар кимди такалашканы менен ошого жараша өздөрү кыйратып иш кылып жатышабы?
Мисалы, Жогорку Кеңеште жалпы жыйын жумасына эки эле жолу болот. Комитет, фракция жыйындарын айтпай эле коелу, кур дегенде ушул, мамлекет үчүн маанилүү иштер каралчу жалпы жыйынга да кыйратып катышпайт. 120 болгон менен ошол күнү жалпы жыйынды карасаңар жарымы да чогулбайт, ал тургай аягында залда 10-15 ке жетпеген гана депутаттар калганына көп эле жолу күбө болуп жүрөбүз. Алар болсо элдин төккөн салыгынын эсебинен жашап, «иштеп» келишет.
Кечээки жалпы отурумдагы күн тартибинде 3 эле маселе каралып, негизки делген, (эл үчүн маанилүү делген) «Өкмөттүк саат» болсо ар кандай шылтоолор менен добушка коюлуп, «өкмөттүк сааты өткөрүшүбүз керек» деген 5 гана депутат добуш бергени менен, 58 депутат каршы добушун беришип, кийинкиге тебилип калды. Ал эми кийинкиси болгончо кыш кирет. Эмики отурум да майрамга туш келип, иш күн эмес. Анан аргасыз суроо жаралат экен, «Кол тийгис» 120 депутат эмне кылышат? Же бирин-бири эрмектеп же мурдун чукуп, таранышып эле отурушабы? Карасаңар, отуруп алышып «жел» добуштарын беришип, мыйзамдарды чыгара беришет, ал мыйзамдар кандай иштеп жатат иштери жоктой. Өздөрү чыгарган мыйзамдар кандай аткарылып жатканы жөнүндө маселе дээрлик нөлгө тете!
Булак: NazarNews.kg