www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Ош облустук мамлекеттик архивине барды.

Мамлекет башчысы архивдин кызматкерлерин жаңы имараттуу болушу менен куттуктап, улуттук архивдерде ар бир мамлекеттин тарыхынын, маданиятынын, турмушунун өзгөчөлүктөрү сакталаарын белгиледи. Алар – улуттун документалдуу баалуу байлыгы. 
«Баа жеткис мурастарды, документтерди сактоого кам көрүү жана аларды сактап, кийинки муунга өткөрүү – мамлекеттин милдети»,-деп баса белгилеп, Мамлекет башчысы архивдин кызматкерлерине иштерине ийгилик каалады.

Маалымдама: Кыргызстанда архив кызматы 1926-жылы түзүлгөн. Архивде XIX кылымдан тартып Кыргызстандын тарыхын чагылдырган 4,5 миллиондон ашуун документ, 100 миңге жакын фото, кино жана үн коштогон документтер сакталат. Акыркы жылдары мамлекет архивдердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бөлө баштады. Ондон ашуун архив имараттары капиталдык ремонттон өткөрүлүп, аларды жаңы жабдуулар менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Архив кызматы тейлөөнүн электрондук системасына өткөрүлмөкчү.
Ош облустук мамлекеттик архиви 1964-жылы курулган. Негизги имаратка батпай калган документтерди сактоо үчүн жаңы имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 18 млн. сом бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости