www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылдуу эсептегичтер орнотулууда

«Северэлектро» ААК керектөөчүлөргө аралыктан көрсөткүчтү алуу системасы менен болгон 5 миң электр эсептегичтерин орнотот

“Северэлектро” ААК Бишкек шаарына, Чуй жана Талас облустарына ЭКЭАМЧАС (электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы) эсептегичтерин орнотуу иштерин улантууда. Калк арасында бул эсептөө приборлорун “акылдуу” деп атап келишет.

“Северэлектро” ААК боюнча 2018-жылдын 1-октябрына 195 831 ЭКЭАМЧАС эсептегичтери орнотулду, анын ичинде:

Бишкек шаарында - 121 692;

Чүй облусунда – 63 650;

Талас облусунда – 10 489.

Эсептегичтердин жалпы санынан 174 152 эсептөө приборлору турмуш-тиричилик абоненттерине жана 21 679 –турмуш-тиричилик эмес абоненттерине орнотулду.

Мисалга, ЭКЭАМЧАС эсептегичтери орнотулгандан кийин электр энергиянын жоготуулары 20%дан  10 % чейин түшкөнүн  борбордогу Бакай-Ата, Кара-Жыгач, Көк-Жар  конуштарындагы “акылдуу” эсептегичтери орнотулган турмуш-тиричилик абоненттеринин электр энергиясын керектөө анализи тастыктайт. Мындай иш чара берилген электр энергиянын сапатын жакшырлатууга алып келди. Буга чейин, тийиштүү кубаттуулукка техникалык шарты жана үч фазалык киргиси бар болгон турмуш-тиричилик абоненттери уруксат берилген кубаттуулуктан иш-жүзүндө бир топ ашыкча колдонушкан. Ал эми учурда  ЭКЭАМЧАС эсептегичтери «Северэлектро» кеңсесинен чыкпай туруп,  уруксат берилген кубаттуулуктан ашканда керектөө кубатуулугун чектөөгө, электр энергиянын балансын түзүүгө, абоненттерди аралыктан өчүрүп жана кайра кошууга мүмкүнчүлүк түздү.

«Северэлектро» ААК 2018-жылдын соңуна чейин борбор калаага жана Чүй, Талас облустарына көрсөткүчтү аралыктан алуу системасы менен болгон 5 миң электр эсептегичтерин орнотот, ал эми 2019-жылы 20 миңге жакын керектөөчүлөрдү “акылдуу” эсептегичи менен камсыздоону мерчемдөөдө.

МААЛЫМКАТ

Жалпы иштөө циклды автоматташтырууга уюштурулган “акылдуу” эсептегичтерди жайылтуу боюнча долбоор:

тиешелүү коммуникативдик чөйрө жана программалык комплекстери менен техникалык чечимдин комплекстүү иштетүүгө киргизүүнү;

· эсептөө приборлорун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандартынан текшерүүдөн өтүүсүн жана сертификациясын

PLC и CDMA/GPRS каналдары боюнча байланыш системасынын жөнгө салуу жана тизүүнү камтыйт.

Маалыматтарды берүү каналдары Beeline, MegaCom, О уюлдук операторлору жана «Кыргызтелеком» ААК менен камсыздалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости