www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу өкмөттүн агрардык маселелер боюнча төбөлдөрүнүн бири, айыл чарбасындагы реформалары менен Ленинге жаккан Чаянов деген болгон. Ошондон улам НЭП учурунда Чаяновго көбүрөөк басым жасалган. Сталин коллективдештирүүгө өткөн соң, эң биринчи душманы катары Чаяновго сокку уруп, 1937-жылы аттырып жиберген. Коллективдештирүүнүн башкы идеологу Вавилов аны менен курсташ болгон. Коллективдештирүүдөн улам колхоз, совхоздор пайда болгон. Колунда мыдыры барлардын мүлкү тартылып алынып, кулак катары сүргүнгө айдалган. Колунда жоктор мүлккө ээ болгону менен колхоздор уюшулуп, бардык мүлк топтолуп, эл паспорту жок колхозунан алыс чыга алышпай, айлык алышпай эмгек күн менен күн көрүп калышат. 1931-жылы Казакстанда, Украинада, Орусиянын бир топ аймактарында ачарчылык каптаган. Жүрө-жүрө колхоз бекемделип, бекер ашка кыныккан айыл чарбасындагы авторитардуу жайга айланган. СССР тараган соң арам тамак колхоздорду эмне кылуу керек деген маселе козголот. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан бул маселе дал кекиртектен алат.  Ошондуктан айыл чарбасында реформа жүргүзүүгө туура келет. Бул маселеге ошол кездеги партократтардын каршылыгына карабай Бекболот Талгарбеков киришип, Кыргызстанда көп мамлекеттерди таң калтырган уникалдуу реформа жүрөт.

Орусия агрардык маселеге өзгөчө көңүл бурган эмес, анткени алар башка тармактардан экономикасын көтөргөн. Казактар бир аз өзгөртүү менен, район, облустун жетекчилеринин макулдугу менен гана жерлерге ээлик кылууга макул болгон. Бул атка минерлердин ого бетер баюсуна жол ачкан. Өзбекстан ары карап ыйлап, бери карап күлүп, жерлеринин тең жарымын колунда барларга саткан соң, көп убакыттан соң  Талгарбековдун реформасына оогон. Колхоздорду сактап калгандардын арасында Белорус бар. Спикер Шушкевичтен кийин бул мамлекетти жетектеген Лукашенко биринчи президент. Бул жерде бизге окшоп жакпай калган президенттерди кууп чыкпайт, СССР убагындай эле авторитардык режим. Экинчиден, трактор заводу жана башка айыл чарба шаймандарын чыгара турган чоң заводдор ушул жерде. Жер семирткичтерди чыгара турган ишканалары бар. Үчүнчүдөн, колхоздор мурункудай мамлекеттин мойнуна минип дотация алышпайт, рынок экономикасынын шартында өз жанын өздөрү багат. Кыргызстан Белоруска теңеле албайбыз, ал эмес эшек араба чыгарган ишканабыз жок. СССР убагында «пресс-подборщик» чыгара турган «Киргизавтомашты» Атамбаев өзүнө чыгарып, темирлеринин барын Кытайга сатып жиберген. Эгер биздин айыл чарбасында реформа жүрбөсө арам өлмөкпүз.

Сталин 1929- жылы айыл чарбасында реформа жасаганда канчалаган аймактар ачкадан кырыла баштаган. Ачарчылык эмнеден улам чыгат? 1929-1930-жылдары Совет мамлекети коллективтештирүү саясатын баштайт. Анча-мынча айыл жеринде колунда бар адамдардын азык-түлүктөрүн тартып алышып, өздөрүн кулак катары Сибирге айдашат. Азык-түлүк, данды бийлик өнөр жайлуу аймактарга ташып кеткен. Казакстанды, Украинаны, дан берген орус аймактарын улуу ачарчылык каптайт. Казактар тентип кошуна мамлекеттерге, союздаш республикаларга кире качат. Бул ачарчылыкта казак элине кыргыздар кол сунат. Миңдеген адамдар өлгөн бул улуу ачарчылыкта эгер кыргыздар жардам бербегенде казактардын көбү кырылып калмак. Ак-Төбө облусунун акимине казак активисти  Турар Кусаинов 110 миң кишини репрессиялаган, 25 миң кишини атып өлтүргөн ошол кезде Казакстанды жетектеген Левон Мирзояндын эстелигин тыптыйпыл жок кылып, ордуна казак элине жардамга келген өкмөт башчысы Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу керек экендигине чакырды. Ошол мезгилде казак элинин 48 пайызын камтыган бул ачарчылыкта, Сталинден коркпой жардамга келген мындай кыргыз жигиттери да болгон.

Талгарбеков айыл чарбасына реформа жасаган үчүн көпчүлүгү элет жеринде жашаган Кыргызстанда дыйкандар көргөн үзүрлөрүн базарга алып чыгышып, СССР убагында дунгандардан алды ашып кетти. Кемчилиги бар анча-мынча алгандарын убагында колунда жуутпай акчага сатып ийгендер болду. Бирок, эгер реформа калыс жүрбөй “көпөстөр” элет жерлерин басып алса эмне болмок?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости