www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-апрелге караган түнү, Ташкент облусунун Зангиата районундагы жатак абактын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага кызматкери, подполковник Асомхожа Аброров иш бөлмөсүндө асынган абалда табылды.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлдөрү подполковниктин өзүнө кол салуусуна депрессия себеп болгонун билдиришти. Башкы прокуратура учурда өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча териштирүү баштады.

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин биринин айтымында, маркум бир ай мурун Ахангаран шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгынан бошотулуп, Зангиатадагы жатак түрмөгө которулган жана бул ишине канааттанбай жүргөн. Өздүк курамдын офицерлери, күнүнө 18 саат иштеп дем алыш көрүшпөйт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости