www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уран чуусу басыла электе касиетnүү Манас атабыз жердеген Талас облусунан уран "казганга" уруксаат алган компаниянын лицензиясы калкып чыкты. Казганга дегенибиз баары эле башында чалгындоо иштерине деп уруксат алып, убакыт өткөндөн кийин тымызын казып киришет. Уран "казганга" уруксаат алган жагынан Талас аймагы деле куру калган эмес.
Бакай-Ата районунун, Ак-Дөбө, Бейшеке, Оро, Орловка, Боо-Терек айылдарынын тоолорунан тартып, Кара-Буура районуна чейин уран казууга "Рич Маунт Гонконг" компаниясы уруксаат алган. Башында уруксатты ким берген? Узартканын го Зилалиев деген неме 2017-жылга чейин узартып берген экен. Эмки тагдырына кызыгып коюшубуз керек. Эмне болуп атышат?
Кожобек Рыспаевдин күпүлдөп атканы, мындай компаниялардын лицензиясынын далайын "адалдашты" го. Зилалиевдики го мейли, түшүнүктүү. Билдик анын ким экенин. Билчүбүз. Ою жаман орун басарынын 14 квартирасы кайдан чыкты? Кайдагы акчаларга алынды? Ким аныгына жетти? Баары тыкыр иликтениши керек. Азырынча ачык маалымат жок.
Булак: "Факты.kg"