www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так ошол 5 000 миң сомдук акча 2009-жылдагы сомдор эң мыкты улуттук валюта болгон. Эми тарыхына көз жүгүртүңүз...

1991-жылдын декабрь айында СССРди Орусиянын президенти Ельцин, Украина президенти Кравчук жана Белорус Жогорку Советинин төрагасы Шушкевич бөлүп салган соң, 1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жеткен.

Кыргызстан КМШда биринчилерден болуп 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана жеке акча-кредит саясатын жүргүзүүгө мүмкүн болгон. Бул чаралардан улам инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө шарт жаралып, инфляция ылдыйлаган.

Алсак Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун сактап келе жатат. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат. 2018-жылы сомдун алмаштыруу курсу башка валюталарга карата дээрлик өзгөргөн эмес.

Акаевдин президенттик учурунда 1993-жылы Кыргызстандын Өкмөтү улуттук валюта киргизүүнү сунуштап, 3-майда республиканын Жогорку Кеңеши министрлер кабинетинин сунушун бекитип берип, ал эми 10-майдан тартып Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун киргизген.

1993-жылы банкнотту өтө кыска аралыкта жана минималдуу аз чыгым менен даярдоо керек болгон. Ал кезде алгачкы банкноттор 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом үлгүсүндө чыгарылган. Булар «өткөөл мезгилдин акчасы» деп аталган.

Каражаттын жана убакыттын чектелүүлүгүнөн алгачкы банкноттор өтө деле мыкты сапатта эмес, дээрлик кагаз түрүндө болгон. 1994-жылдан баштап 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылган. Бул сериядагы купюралар жогорку суммага даярдалбаса да мурдагыга караганда сапаттуу коргонуудагы банкнот болгон. 1997-жылдан банкноттор акырындап алмаштырылган.

Жаңы купюралар бир топ жогорку коргоо деңгээлине: ар бир банкноттун жеке өлчөмү жана түсү, суу белгиси, «терезе» түрүндөгү коргоочу жиби сыяктуу түп нускасынын жаңы белгилери, металлдаштырылган фольгасы, көп түрдүү өзгөрүүчү түскө ээ болгон голограммасы жана башка коргоо белгилери болгон.

Жүгүртүүдөгү акчадан тышкары жогорку сандагы – 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор киргизилген. Бакиевдин президенттик учурунда 2009-жылы 5000 номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгарылып, кийинчерээк калган – 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сом номиналдары да жаңыланган. Бул банкноттор жогорулатылган жана жаңы коргоо белгилерине, кичирейтилген көлөмгө жана оригиналдуу жасалгага ээ. Ошондой эле 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган.

2009-2010-жылдары жүгүртүүгө чыгарылган банкнот эң мыкты сериядагы улуттук валюта болуп саналат. Себеби 5000 сом номиналындагы банкнот «2009-жылдын банкноттору» деп аталган эл аралык кадыр-барктуу конкурста жеңүүчү катары аталгандыгы болуп саналат.

Ал эми 1000 номиналындагы банкнот банк технологиясы боюнча эксперттердин баасына ылайык, 50 АКШ доллары, 50 евро жана 2010-жылдагы жаңы Орусиянын 1000 рублуна салыштырмалуу сапаты боюнча экинчи орунду ээлеген.

Кыргыз Республикасынын улуттук купюра кагазын кармап көргөндөгү сапаты, суу белгисинин сапаты, банкноттун оптималдуу өлчөмү, голографиялык элемент жана микробасма категориялары боюнча мыкты деп таанылган. 2009-жылдан бери сомго өтө олуттуу өзгөртүүлөр кирген жок. Мааракелик 2000 сом чыккан, бирок жалпы элдик эмес.

Сөз аягы

Биздин сомдун жаралуу тарыхы же "сом" - деген сөздүн колдонулушу СССР маалында пайда болгон. Кыргызстан СССР курамына союздук республика катары киргенден кийин 1938-жылдын үлгүсүндөгү 1,3 жана 5 рублдерде кыргыз тилиндеги – «сом» деген жазуу болгон. Түрк тилиндеги «сом» сөзү бардык түрк тилдеринде «рубль» сөзүн билдирет. Алгач ал «бүтүн», «бекем» маанисинде колдонулган. Кийинчерээк «бүтүндүн бөлүгү», «рубль» маанисинде колдонула баштаган. Монеталар менен майда акчалар «тыйын» деп аталган. Кокондун күмүш тенгелери, жез пулдары жана алгачкы россиялык копейкалар менен гривенниктер да ушундай аталмак. Эгер 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, азыр алмаштыруу курсу болжол менен 70 сомдун тегерегинде. Сом Кыргыз Республикасынын негизги акча бирдиги болуп саналат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости